Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө токтоп турган ишканалар ишке киргизилди

Ысык-Көлдө көп жылдан бери токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Алсак 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча 8 ишкана ишке кирди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облустук ыйгарымдуу укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматта өткөн жылы Каракол шаарынын 3 ишканасын жандандырууга мүмкүнчүлүк болгон. Балыкчы шаарынын үч ишкана. Ошондой эле “Ак-Булак” АК ишканасы, «Кирпич ишканасы» АК ишканалары ишке кирип 200дөй адамды иш орду менен камсыз кылышты.

Бул жылы Ак-Суу районунун аймагында «Тунук-Курулуш» ЖЧК курулуш ишканасы курулууда. Ошондой эле күнүнө 10-12 тонна картошканы кайра иштетүүчү завод курулууда.

Эскетре кетсек: Салынган ишканалар жеке инвеститциянын жардамы менен салынган.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...