Акыркы макалалар

Түптө жер титирөөнүн алдына-ала жыйынтыктар чыгууда

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 28-январдагы жер титирөөдөн бери комиссия тобу иштеп, 103 турак жай, 1 ФАП, 3 мектеп жабыр тартканын каттого алышкан. Бул тууралу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык райондун 5 айыл аймагында кыйроолор көп болгон: «Алар Түп, Сары-Булак, Санташ, Кутургу, Чоң-Таш айыл аймактарында. Булардын көпчүлүк айылдарында жашоочу үйлөр жабыр тарткан, ошондой эле мектеп, ФАП. Ал эми кээ бир жашоочулар да жер титирөөгө шылтап, мурда жабыр тарткан үйлөрүн айтышууда, бирок комиссия тобу бардыгын изилдеп, карап чыгышат. Бүгүнкү күнү да текшерүүлөр жүргүзүлүүдө,»-дейт башкармалыктан.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...