Акыркы макалалар

Qatar mining Кыргызстандын кен байлыктарына кызыгууда

Qatar mining компаниясынын башчысы Мухаммед Мубарак ал-Шахуани бүгүн, 17-февралда эки күндүк иш сапар менен Кыргызстанга келет. Ишкер Кыргызстандагы инвестициялык климат жана экологиялык абал менен таанышат.

Катардын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, ал-Шахуани Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жана “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчилиги менен да жолугат.

Qatar mining компаниясы Катар мамлекеттик инвестициялык башкармалыгына карайт. Негизинен алтын жана башка тоо-кен өндүрүшү багытында иш жүргүзөт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...