Акыркы макалалар

Депутаттар сомдун кунун талкуулайт

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн кыргыз валютасы – сомдун куну түшүп бараткан маселени жана анын социалдык-экономикалык абалга тийгизип жаткан таасирин талкуулайт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, эл өкүлдөрүнө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, экономика министри Темир Сариев, каржы министри Ольга Лаврова жана башкалар маалымат берет.

Сом бир топ убакыттан бери АКШ долларына жана Еврого карата кунун жоготуп келатат. Ал эми орус рубли сомдон арзандап кеткен.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...