Акыркы макалалар

Багетчи Руслан

Багетчи Руслан

Учурда бардык жерде дубалга ар түркүн картиналарды илүү модага айланган.Мейли үйдө, мейли иштеген жерибизде болсун, табитибизге төп келген картиналар бир жагынан бөлмөгө кооздук берсе, бир жагынан жан дүйнөбүзгө ырахат тартуулап турары айкын. Алардын бардыгы оймолонуп-чиймеленип, кооздолуп жасалган алкактарга (рамаларга) салынып, дубалдарга тагылары белгилүү. Мына ушундай рамаларды кооздоп жасагандарды багетчилер дешет.

Бишкекте багет (рама) жасоочу төрт ишкана бар. Биз алардын бирин жетектеген багетчи Руслан Жуматаевдин өнөрканасында болуп, ишмердүүлүгү менен тааныштык.

Ишкана Касымалы Баялинов атындагы китепкананын жертөлөсүнөн орун алган. Эки бөлмөлүү чакан ишканада багеттин бардык түрлөрү жасалат. Пластиктен, ошондой эле жыгачтан ар кандай өлчөмдөгү багеттер тез жана арзан баада сапаттуу жасалганы менен кардарларын ыраазы кылып келет.

Учурдан пайдаланып биз ишкананын жетекчисине бир-эки суроолор менен кайрылдык:

– Руслан, кандайча бул кесипти аркалап калгансыз?

– Мындан он эки жыл мурда бир досума жолугуп калдым. Ал досум: “Сүрөттөргө рама жасаш керек болуп жатат. Орустар Россияга кетип калып, рама жасаган киши жок...” – деп калды. Көрсө, досум өзү орустардан үйрөнүп калган экен. Ойлонуп көрсөм колдон келе турган иш экен. Ошентип ошол күндөн азырга чейин болгон күчүм менен эмгегимди ушул ишке арнап иштеп келатам.

– Алгач ишти эмнеден башта¬дыңыз?

– Адегенде колго жасалган станоктор менен иштеп баштагам. Бара-бара заводдон жасалган станокторду Кытайдан алып келип, азыр ошол станоктор менен иштейбиз. Бизге көбүнчө сүрөтчүлөр, художниктер жана жөнөкөй адамдар кайрылышат. Алардын суроо-талабын канааттандырып, рамалардын түрлөрүн тез жана сапаттуу жасап берүүгө аракет кылабыз. Ардагерлер да келишет, аларга кээде бекер эле жасап коёбуз. Анткени алар ар кандай болушат, байы да бар, кедейи да бар дегендей...

– Шаарда мындай ишканадан төртөө бар экен, алардан силердин кандай айырмаңар бар?

– Айырмабыз ушул, биз өзүбүз чыгарган продукция менен иштейбиз, башкача айтканда рамаларды пластиктен тышкары жыгачтан да жасайбыз. Баарын өзүбүз сатып алабыз. Маселен, териге (кожага) тарткан сүрөттөргө пластик жарашпайт. Ага раманы жыгачтан гана жасаш керек. Биз ортомчуларсыз иштейбиз, ошондуктан баасы да арзаныраак. Чөнтөгү жука, карапайым адамдар көп келишет. Элдин суроосун канааттандыруу үчүн бардык күчүбүздү жумшап, чыгармачылык менен кооздоп жасап берүүгө аракет кылуудабыз.

– Канча киши иштейсиздер жана бул жерди ижарага алгансыздарбы?

– Мен өзүм эле, шакирттерим бар. Алар жардамдашып, колума кол, бутума бут болуп иштеп турушат. Бардык жасаган иштерибиз мыйзамга ылайык, салык, электр энергиясы менен ижара акысын өз учурунда төлөп турабыз. Элден өтүнмөлөрдү кабыл алабыз. Күзгүлөргө да рамаларды ар кандай өлчөмдө жасап беребиз. Кыскасы, бизге кайрылгандардын бардыгына эшигибиз ар дайым ачык.

– Анда ишиңерге ийгилик!

Айша АЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

Сүрөт автордуку

Түп нускага шилтеме : www.kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...