Акыркы макалалар

Мээрим Жуманазарова Швецияда өткөн турнирде күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Швецияда өткөн Klippan Lady Open 2015 деп аталган аялдар күрөшү боюнча эл аралык турнирде күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу мелдаштин расмий сайтында маалымдалат.

Турнирдин алкагында 17 жашка чейинки кыздар жана чоңдор мелдешкен. Жуманазарова курагы боюнча жаштар категориясындагы таймашка катышып, экинчип орунду камсыз кылды.

Биринчи орун үчүн болгон чечүүчү күрөштө ал япониялык Миво Морикаво менен килемде беттешип, 0:5 эсебинде утулуп, экинчи орунга чыкты.

Балбан кыздардын курама командасын башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жетектеп барган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...