Акыркы макалалар

Эки баласын өлтүргөн эне тууралуу шаардык милиция билдирди

Эки баласын өлтүргөн эне тууралуу шаардык милиция билдирди

Шаардык милиция Бишкектин жаңы конуштарынын биринде аялдын эки жаш баланы өлтүрүп салгандыгы тууралуу маалымат таратты. Кылмышка шектелип кармалган аял балдардын энеси болуп чыкты.

Бишкектеги жаңы конуштардын биринде балдарды өлтүрдү деп шектелген аял кармалды деп билдирди шаардык милициядан.

ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 15-февраль күнү, саат 11.30дарда ШИИБге Арча Бешик жаңы конушунда энеси эки жаш баласын өлтүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Милиция окуя болгон жерге барганда үйдөн кыйнап өлтүрүлгөн белгилери бар, 3 жашар эрекек баланын, 4 жашар кыз баланын өлүктөрү табылып, кылмыш болгон жерден ашкана бычагы табылып алынган.

Кылмыштын себебин иликтөө үчүн соттук-медициналык экспертиза иштеп баштады. Алдан ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектелип жаткна балдардын энеси 1981-жылы Балыкчы шаарында туулган.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...