Акыркы макалалар

Москва кыргыз элчилиги жиберген нота боюнча чара көрөт

Москва шаарынын бийлиги Сахарово конушунда жайгашкан миграция борборундагы абалга байланыштуу кыргыз элчилиги жиберген нотаны карап чыгып, тийиштүү чара көрөт. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары Аймактык коопсуздук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Москва шаардык департаментинин башчысы Алексей Майоровго шилтеме жасап кабарлады.

Кыргызстандын элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине өткөн жумада нота жиберип, Сахарово конушунда ачылган Мамлекет аралык миграциялык борбордо түзүлгөн кырдаалды чечүү маселесин көтөргөн.

Билдирүүдө борбордо миңдеген кишилердин кезекке турганы, тартип сактоону камсыздаган «Кельт» жеке ишканасынын кызматкерлери мигранттарга өтө орой мамиле жасаары, мекеме кылмыш жазасын өтөөчү жайды элестеткен тикен зым менен курчалып, иттер менен кайтарылары маалымдалган. Ошондой эле борбор бир күндө кезекте турган үч миң кишинин 30 пайызын гана тейлөөгө жетишип жатканы белгиленген

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...