Акыркы макалалар

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жабылган жол ачылды

Бүгүн 2015-жылдын 14-февралында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдору ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Чаткал районунда аба-ырайынын кескин өзгөрүп, кардын көп жаагандыгына байланыштуу көчкү түшүү коркунучу болгон. Ушуга байланыштуу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин - Жарандык коргонуунун жетекчисинин буйругунун негизинде Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолу убактылуу жабылган эле.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...