Акыркы макалалар

Таласта табигый кырсык келтирген залалдарды жоюу боюнча ыкчам иштер жүрүүдө

Таласта табигый кырсык келтирген залалдарды жоюу боюнча ыкчам иштер жүрүүдө. Бул туурасында Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Байышбек Дүйшөбаев билдирди.

Тактап айтканда Кара-Буура районунун Аманбаев айылында атайын түзүлгөн комиссия тарабынан суу каптаган 57 турак жай изилденип, 5 турак жай көзмөлгө коюлган. Бул жерде райондук өрткө каршы күрөшүү кызматы, суу чарба жана жолдорду эксплуатациялоо башкармалыктары тарабынан жолдорду оңдоого жана жээктерди бекемдөөгө керектүү техникалар, самосвалдар, эксковаторлор, жүк ташуучу машиналар бөлүнүп берилип, кырсыкты жоюга жергиликтүү эл тартылып, суу жээктерин бекемдөө, жолдорду тазалоо, агын сууларды нукка буруу иштери жүрүп жатат. Ушул эле райондун Кызыл Адыр айылынын батыш тарабынын Талас-Тараз-автоунаа жолунан 50 турак жайга коркунуч келтирүүдө. Бул жерге да жергиликтү калктан 40ка жакын адам тартылып, жээктерди бекемдөө иш-чаралары жүрүүдө.Ушундай эле ыкчам аракеттер аталган райондун Үч-Булак, Кара-Суу айылдарында да жүрүп жатат.

Бакай-Ата районунун Түйтө, Маданият, Өзгөрүш айылдарында да табигый кырсыктын кесепетин жоюу боюнча ыкчам иш аракеттер болууда. Алсак, Өзгөрүш айылында Кара-Суунун деңгээли көтөрүлүп, коркунуч келтирилген 5 үй-бүлө туугандарыныкына көчүрүлдү. Ушул эле райондун Ак-Дөбө айлынын, Бакай-Ата айылынын көчөлөрүнөн 4 турак жайды суу каптаган.

Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байышбек Жуманазаров, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов табигый кырсык болгон айылдарда болушуп, анын келтирген залардарын жоюу боюнча уюштуруучулук иштерди жүргүзүшүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...