Акыркы макалалар

Баткен облусундагы Бүргөндү өрөөнүндөгү газ талашка түштү

Бүргөндү өрөөнүндө газ табигый жол менен жер астында сакталат. Буга чейин жер астындагы газды Өзбекстан иштетип келген болчу. Азыр өзбек тарап ал жерден чыгып кеткенден бери газдын басымы азайып ,кыргыз айылдарга толук жетпей калган. Анысы аз келгенсип айрым ишкерлер газды аки таш чыгарууга мыйзамсыз эле пайдаланып 500 дөн ашык кожолук турган айыл газсыз олтурат.

Кадамжай районунун Бүргөндү өрөөнүндөгү газдын талаш тартышы милиция менен элдин ортосунда болгон жыйында белгилүү болду. Жыйында карапайым эл жер астындагы газды айрым ишкерлер уруксатсыз эле пайдаланып элге бербей жатканын айтышты.

Газдын очогунда туруп, көгүлтүр отсуз олтурган Жаны-Жер айлынын башчысы газды мыйзамсыз пайдалангандарга чара көрүү багытында жергиликтүү бийликке жана укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин натыйжа чыкпай келгендигин Жаны-Жер айылынын башчысы Мамажусуп Мадумаров айтат.

Ал эми жергиликтүү милиция кызматкерлери болсо, газ боюнча эч кимден арыз түшкөн эместигин билдирип, газды аки таш жасоо үчүн пайдалангандар учурда жок экенин айтышты.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...