Акыркы макалалар

Мухтар Тургунбаев: "Логос" окуу борборуна 10 жыл

Мухтар Тургунбаев: "Логос" окуу борборуна 10 жыл

Турганбаев Мухтар Азимович 1968-жылы 21-июлда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында туулган. Ош шаарындагы куруучулар техникумун артыкчылык диплом менен бүтүрүп, андан соң аскердик кызматын өтөп келген. 1992-жылы Оренбургдагы политехникалык институттун инженер-куруучулар факультетине тапшырып, кийин Ош технологиялык университетине которулган. Аталган университетти 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган. Кесиби боюнча аз эле иштеп, мугалимдик кесипке өткөн. ОшТУда, ЖАТИде окутуучулук кызматын аркалаган. Жеке ишкерлик менен алектенип “Логос” окуу борборун ачып, бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келе жатат.

- Мухтар Азимович, “Логос” окуу борборунун акыркы он жыл ичиндеги жетишкен ийгиликтери тууралуу айтсаңызө

-“Логос” окуу борбору 2003-жылы 13-январда юстиция министрлигинен күбөлүк алган. Андан бери 2 жолу лицензия алдык. Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлигинин АШ №1502 лицензиясы менен иштеп жатабыз. Азыркы мезгилде жамаатта он бештен ашуун кызматкер эмгектенет. Алардын бардыгы жогорку билимдүү жана тажрыйбалуу мугалимдер, 2012-жылдын эсебинен Ош шаарына барып семинарларга катышып, квалификацияларын жогорулатып келишти.

Окуу жай бүгүнкү күндө он бештей кесипке даярдап, жарандардын кесипке болгон суроо талаптарына заманбап техникалар менен окутуп, сапаттуу билим берүүсү менен алдыңкы окуу жайларга айланды.

Бүгүнкү күндө компьтердик курстар, тил боюнча орус тили, кыргыз тили, англис тили, корей тилдери окутулат. Корея тили боюнча Жаштар министрлиги менен сүйлөшүп, Кореяга контракттын негизинде жумушка жөнөтүшкө уруксат алып, балдарды окутуп, тестке даярдап жатабыз. Мындан сырткары бизде кыздар үчүн чачтарач, визажист, маникюр, педикюр, тигүүчүлүк, бухгалтерия курстары бар. Балдар үчүн ширетүүчү, газэлектрширетүүчү, крановщик, автомобиль айдоочу, “В” жана “ВС” категориядагы автомобиль айдоочуларды даярдайбыз.

Материалдык базасы: 30дай компьютер, автотренажер, видеопроектор, 5 тигүүчү машина менен камсыздалган, 12 класстан турат. Жалпысынан бизде 15 класстан ашуун кабинеттерди ээлеп, балдарды окутуп жатабыз.

Буга кошумча 3 жеңил, 2 оор жүк ташыгыч машыктыруучу автоунаалар менен окуучулардын практикалык сабактарын өткөзүүчү атайын лабораториялык класстар жана автоподьемник менен камсыз болгон мастерскойлор иштейт.

“Логос” окуу борборундагы чакан басмаканабыздан кыска мөөнөттүү курстарды окутуу үчүн атайын окуу куралдары даярдалып, окуучуларга жана башка окуу жайларга таратылат. Окуу борбордо окуп жана иштеп кеткен бир канча бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн чакан окуу жайларын ачышып, биз менен тыгыз байланышта иштеп келишет. Алар Базар-Коргондогу “Логос” окуу борбору, “Мейкин плюс”, “Аска Дос” жана башка окуу борборлору.

Өткөн он жыл ичинде он беш миңдей окуучу билим алышып, ар тармактарда элге кызмат кылып келе жатышат. Алардын арасында жогорку кызматтарда иштегендери бар. Шаар ичинде чачтарачканаларды, интернет кызматтарын ачышып, элге кызмат кылып келишүүдө. Айрымдары Россияга, Турцияга, Арабстанга кетип жатышат.

Бул окуу жайында иштин башына окутуунун жогорку сапаты коюлуп, ар бир окуучуга жеке мамиле жасоого шарт түзүлүп, чакан 4-5 окуучудан турган группаларга сабактар өтүлөт. Компьютердик курстар жеке окутуу менен үйрөтүлөт, анткени окучууга толук көңүл буруп, сабактардын жакшы өздөштүрүлүшүнө шарт түзүү талабы коюлган. Он жылдын ичинде мамлекеттик казынага 401 миң сомдон жогору, социалдык ажырым катары бир жарым миллиондон ашык акча каражаты өткөрүлдү. Мындан сырткары, жылда өтүүчү областтык мектеп окуучуларынын “жаш жол кыймылын уюштуруучулар” конкурсун каржылап келүүдө.

- Жалал-Абаддан сырткаркы аймактардан келип окугандардын жашоо шартына кандай көңүл бурулатө

- Алыскы Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Көк-Жаңгак райондорунан келген окуучулар үчүн Спутник кичи шаарчасындагы “Илим нуру” деген студенттик жатакана менен сүйлөшкөнбүз. Алар ошол жатаканага жайгашышат. Ал жерге 3000 сом төлөшөт. Ошол сумманын ичинде 2 маал тамак ичишет, кир жууганга толук шарттар түзүлгөн жана кечкисин сабак даярдай алышат.

Сөзсүз утугу бар лотерея

- Аталган окуу борборунун 10 жылдык юбилейине карата уюштурулуп жаткан лотереяны ойнотуу жөнүндө толук маалымат бере кетсеңизө

-Биздин 10 жылдык юбилейибизге арнап быйыл шаардын жашоочуларына жана меймандарына акция уюштуруп жатабыз. Бул акциябыз 16-февралда Барпы театрында саат 10.00 дө өтөт. Ал акциянын ичинде чачтарачтардын конкурсу, тигүүчүлөрдүн конкурсу, концерттер жана “Логос” окуу борбору уюштурган ар бир утукка ээ болгон лотерея ойнотулат. Ал жерде эң жогорку байге “Хундай аксент” жеңил авто машинасы, андан башка кызыктыруучу байгелер ноутбук (Notebook), компьютер, планшет, сенсордук телефондор, DVDлер коюлган.

Мындан сырткары 100%, 50% , 25% тик биздин окуу курстарына жеңилдиктер коюлган. Ар бир билет утукка ээ деп айтканыбыздын себеби, утук чыкпай калса, билеттери менен биздин окуу курска келип жазылса 10% жеңилдик берилет.

Бул лотереянын утуштарынын жыйынтыгы областтык “Акыйкат” гезитине жана “БГ плюс” гезитине чыгарылат.

“Логос” окуу борборунун мугалими Исакова Зубайда: Мен компьютердик курс боюнча сабак берем. Компьютердик курсубуз 1 айлык, 2 айлык, 3 айлык болуп бөлүнөт. 1 айлык окуу курсуна 1500 сом, 2 айлык окуу курсуна 2400 сом, 3 айлык окуу курсуна 3000 сом төлөшөт. Бул окуу борборго ар түрдүүчө жазылышат. Мисалы үчүн 1 айлык окуу курсуна компьютерди билет, бирок айрым программаларды унутуп калып, эсине салыш үчүн келишет. Таптакыр компьютерди билбегендер 2 айлык, же 3 айлык курстарга жазылышат. Мөөнөтү дагы көбүрөөк, 2 айлык курсунда 24 саат ,3 айлык курста 36 саат өтүлөт.

Токтосун уулу Жумабек, ЖАМУнун тарых адистигинин 2-курсунун студенти. “Мен бул “Логос” окуу борборуна 8-январдан бери 1 айлык окуу курсуна тапшырып, окуп жатам. Бул окуу борборунун мугалимдери сабакты жакшы түшүндүрүп, жогорку деңгээлде өтүшөт экен. 1 айда 12 саат өтүлөт. Мен ушул 12 саат ичинде өзүмө керек болгон программаларды өздөштүргөнгө аракет кылып жатам. Бүгүнкү күндө Exсel программасына келип калдык. Андан сырткары компьютерде олтуруп, интернет сайттарга киргенге мүмкүнчүлүк берилет. 2 айлык, 3 айлык окуу курстарында мындан дагы тереңирээк үйрөтүлөт экен. Бирок мен, убактым жана шартыма байланыштуу 1 айлык курста окуп жатам.

“Логос” окуу борборунун мугалими Баева Дариха Акпаралиевна: Мен, “Логос” окуу борборунда 2010-жылдан бери англис тилинен сабак берип иштейм. Бул окуу борбордо англис тили курсуна айына 1000 сомдон, 3 айына 3000 сом төлөшөт. Бизге 4, 6-класстан жогору келишет. Негизинен окуп, үйрөнөм дегендердин баарын окутабыз.

Даярдаган, Жанылай Назалова

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...