Акыркы макалалар

Кара-Суудагы “Ас-Сараксий” мечитине убактылуу имам дайындалды

Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сараксий” мечитине убактылуу имам болуп Сүйүн ажы Калыков дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ош облусттук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ал мурда Кара-Суу районунун башкы имамы болуп келген. Аны жамаатка Ош облусунун казысы тааныштырган. Эске салсак, буга чейин “халифат курууга үндөп, Сириядагы согушка аттанууга чакырык жасаган” деп айыпталган “Ас-Сараксий” мечитинин имамы Рашод Камалов милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...