Акыркы макалалар

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, профессор Акунжан Абдрашев: “ЖАМУда “Болон” процесси колдонулат

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, профессор Акунжан Абдрашев:  “ЖАМУда “Болон” процесси колдонулат

Абдрашев Акунжан Баказович – Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, Казак Республикасынын Билим берүү жана илиминин ардактуу кызматкери, мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси, профессор, саясий илимдеринин кандидаты, жакында эле Эл аралык “Руханият” ассоциациясы сыйлыгынын ээси болду.

ЖАМУда адистиктин көп түрдүүлүгү жана алардын борборлоштурулгандан тышкары регионалдык факультеттери, колледждери, лицейлери, техникумдардын бардыгы башка университеттерден айырмаланат. Жалал-Абад облусунун борборунда жайгашуу менен облустун бүт алкагына чейин илимий чөйрөнү, маданиятты, эң баалуулуктарды таратып, сактап эле тим болбостон, ал массага таасир көрсөтүүчү негизги объек да болуп саналат.

- Акунжан Баказович, сизди Эл аралык “Руханият” сыйлыгын алышыңыз

менен куттуктайбыз!

- Рахмат.

- Акунжан Баказович, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде

2013-2014-окуу жылында кандай өзгөрүүлөр болот?

- 2012-жылы биз эки баскычтуу системага өттүк, башкача айтканда “Болон” системасына кошулдук. Мындан кийин бакалавр, магистр даярдайбыз. 2012-2013-жаңы окуу жылына биз Өкмөттүн токтомунун жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде бакалаврга биринчи курска студенттерди кабыл алдык. Быйылкы окуу жылына негизинен 360 бюджеттик орун бөлүнгөн, анын баары толду. Бул негизинен педагогикалык жана инженердик багыт. Ал эми контракттык негизде экономикалык, медициналык багыттагы факультеттерде толук план аткарылды. Бул окуу жылы жалпы бюджет, контракт, үзгүлтүксүз билим берүү, дистанттык окутуу болуп олтуруп 1800 студент кабыл алдык.

2015-2016-окуу жылына бакалавр багытындагы биринчи бүтүрүүчүлөрүбүз чыгат. Бакалаврда окуу мөөнөтү 4 жыл, бүткөндөрдүн билими “жогорку” билимдүү кесип ээси болуп мектептерде, өндүрүштө, чарбада бардык жерде иштөөгө толук жогорку билим жетишердик болот. Ал эми экинчи баскычы - бул магистратура, мөөнөтү 2 жыл. Ага окуусун андан ары улантууну каалагандар окуйт. Башкача айтканда илим жаатына кирем, билимди дагы өркүндөтөм десе, анда магистратурага окуш керек.

Ошентип, биз 2015-жылга чарбага, мектепке, өнөр жайга керектүү сапаттуу, билимге каныккан мыкты адистерди даярдай алабыз. Учурда ЖАМУда билим берүүнүн “Болон” процессин колдонуу менен билимдин сапатына терең көңүл бурулууда. Бул процесс Италиянын Болония шаарында бүтүндөй дүйнө жүзүнө тараган эки баскычтуу бакалавр жана магистратура багыттарында адис даярдайт. Мурда СССРдин классикалык багытында 5 жыл окутуп бакалавр менен магистратура ортосундагы кесип ээсин даярдайт элек.

Мына ушул 2013-жылы окуу процессинин сапатын жогорулатып, бакалавр, магистр 2 баскычтуу система боюнча окуу программаларынын баарын толуктап, ага ОМКды, силабустарды жазып, азыр жамаатта ушунун үстүндө иш алып барылууда. 2013-окуу жылында окуу жайдын материалдык-техникалык базасына көңүл бурулат, компьютердик класстар көбөйөт. 2013-2014-окуу жылына кабыл алуу комиссиясы түзүлүп, жакшы бүтүргөн абитуриенттерди кабыл алууга даярдык көрөбүз.

Ошону менен бирге 2013-2014-окуу жылындагы кабыл алууда дистанттык окутууга терең көңүл бурулат. Бул дистанттык деген мындайча айтканда аралыктан окутуу, б.а. жаңы типтеги окуу институту болууда. Дистанттык аралыктан окутуу үчүн бардык материалдык-техникалык базаларды чыңдап, компьютердик класстарды түзүп жатабыз. Алгачкы аракеттерибиз катары 25 ноутбук сатып алууну көздөп жатабыз. Андан кийин дистанттык окууларды улантабыз. Ошондой эле илим жана аспирантура бөлүмү иштейт. Бөлүмдө илим изилдөө жана гендердик саясат боюнча проректор Т. К. Аманкулова, бөлүм башчы болуп А. Б. Карбекова иштеп жатат. Былтыркы 2012-жылы эле 6 илимдин кандидаты, 1 илимдин доктору илимий даражасын коргоп келишти. Бул багытта дагы ишти андан ары улантып, университеттин илимий жактан өнүгүшүнө шарт, өбөлгө түзөбүз.

- ЖАМУда студенттерге сапаттуу билим берүү боюнча кандай иштер аткарылып жатат?

- Бүгүнкү күндө сапаттуу билим эң актуалдуу маселе экендиги баарыбызга белгилүү. Билим коомдук өнүгүштүн приоритеттүү жана эң маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. Билимдин сапатын көтөрүү боюнча кандай конкреттүү иш-чаралардын формалары жөнүндө сөз козгобойлу, “сапат” деген терминдин объективдүүлүгүн көрө албайбыз. Немец философу Иоган Фихтенин “Илим окуусу” деген эмгегинде сапаттын маңызын теория менен практика деген сөздөрдүн мааниси аркылуу чечмеленгенге аракет жасаган. Билим гана социалдык көрүнүш катары коомдук аң-сезимдин позициясын, көз карашын жаңылап турууга жөндөмдүү. Ошондуктан мамлекет билимге дайыма көңүл бурат. Ал эми билимдин сапаты жөнүндө маселе – бул өзүнчө сөз. Анткени “сапат” деген түшүнүктү философиялык категория катары бытьенин объектисинен бөлүп кароого болбойт. Атактуу философ Аристотель айткандай “Кандай?” деген суроого жооп берүү максатында кечээ да, бүгүн да талыкпай иштеп келе жатат.

Менин оюмча, эгер ар бир окумуштуу, окутуучу эле эмес, студент да учурдун маселесин, талабын, өзүнө болгон жоопкерчиликти туура түшүнүп мамиле кылса, анда билим сапаты сөзсүз пайда болот. Анткени объект да, субъект да бүгүнкү күндө өзүнө гана жоопкерчиликти сезбестен, алар экөө тең коомдун алдындагы жоопкерчиликти бирдей сезе билгенде гана натыйжа болот.

ЖАМУда бардык жогорку окуу жайлардай эле лекциялык, практикалык жана өз алдынча иштөө сааттары аткарылат. Мындан тышкары студенттер тематикалык практикалык-илимий конференцияларды өткөрүп турушат. Быйылкы жылы эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгына жана Президентибиз А. Атамбаевдин жарлыгы менен “Үй-бүлө, тынчтык жана кечиримдүүлүк” жылына карата факультеттерде илимий конференциялар өткөрүлдү.

Студенттерде сапаттуу билим болсун деген максатта ЖАМУда ар бир окутуучу жыл сайын илимий жана практикалык иштерди өркүндөтүү, жаңы инновациялык методдорду иштеп чыгуу боюнча иш чараларды белгилешет жана алар ар бир окутуучунун жумушчу программасында так жазылат. Филология илимдеринин доктору Ибрагим Абдувалиев, экономика илимдеринин доктору Аманкул Зулпукаров сыяктуу окумуштууларыбыз билимдин сапатын жакшыртуу боюнча окуу китептерди, монографияларды чыгарышып, активдүү иштеп жатышат. Булардын баары сапаттуу билим алууга түздөн-түз таасир этет.

- Окутуу багытын жакшыртууда кандай потенциалдарга басым жасап жатасыздар?

- Негизги үч потенциалды бөлүп көрсөткүм келет. Илимий потенциал, материалдык-техникалык потенциал жана борборлоштурулган илимий-потенциал. ЖАМУ бүгүнкү рыноктун шартында иштей баштаган экономикалык ишкердик, инженердик-техникалык, медицина, жол кыймылы, ветеринардык, филология, тарых, биология, педагогика сыяктуу Кыргызстанга эң керектүү адистер даярдалууда. Сапаттуу билим берүү максатта бир нече илимий борборлор түзүлгөн. Алардын катарында Европа билимдерин өркүндөтүү, гендердик изилдөө жана өнүктүрүү, окутуунун инновациялык усулдары жана усулдук көркөм академия, химиялык анализ жана жалпы биология сыяктуу борборлор иштейт. Бул да болсо окутуунун чоң потенциалы болуп саналат. Дагы кошумчалай кетчү нерсе, ЖАМУ билим сапатын жакшыртуу боюнча Кытай, Франция, Туркия, Россия, Австрия сыяктуу абдан кубаттуу жана илимий өнүккөн өлкөлөр менен байланышта. Былтыркы жылы ЖАМУнун бир катар студенттери жана мугалимдери Кытай Республикасынын 4 университетинде курстарда жана стажировкада болуп келишти.

- Рахмат. Ишинизге ийгилик каалайбыз!

Маектешкен Жаңылай НАЗАЛОВА.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...