Акыркы макалалар

Саамалык Нарында көчмө томография

Нарын шаарында томографиялык кызмат көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу жарыя байма-бай берилип атканынан улам бул боюнча окурмандарга кеңири маалымат берүүнү туура көрдүк. Бишкектеги тибет медицинасына негизделген «ХАОИ» диагностикалык, дарылоо комплексинин көчмө томографиясы Нарын шаарында үстүбүздөгү жылдын 11-январынан бери кызмат көрсөтүп жаткан экен. Бул тууралуу аталган ден соолук борборунун врач-невропатологу Жыпара Жумашова ой бөлүшүп, суроолорубузга жооп узатты.

-Жыпара айым, биздин облустун аймагында буга чейин томографиялык кызмат көрсөтүлбөгөндүктөн муктаж болгондордун баары Бишкек шаарына барып түшүп келгенге аргасыз эле. Сиздер көрсөтүп жаткан томографиялык кызмат эмнеси менен өзгөчөлөнөт? Элдин муктаждыгын толук канааттандыра алабы?

-Биз көрсөтүп жаткан кызматты биорезонанстык томография деп коет. Бул рентгендик томография жетпей турган жерлерге алып барууга ыңгайлуу аппараттардан турат. Биз иштеп аткан Россиянын «Имаго сенситив» деген аппараты. Бул аппарат дүйнөлүк деңгээлде сынактан өтүп, «Нобель» сыйлыгына татыктуу болгон. Тоолуу, рентген барбаган жерлерге алып барууга ылайыкталып мурда эле чыгарылганы менен Советтер союзу тарагандан кийин гана сатыла баштаган. Аппарат магниттик талаа, электрод, маалымат алып, кайра өткөрүүчү станция, дары тестирлегич сыяктуу жабдуулардан турат.

Биорезонанстык томографиянын өзгөчөлүгү электр энергиясы бар бардык жерлерге алып барууга ыңгайлуу. Мындан сырткары айлана чөйрөгө эч кандай зыянын тийгизбегендиктен кош бойлуу аялдар, кичинекей балдар деле түшө берсе болот. Адамдын болгон органдары тартылат. Аппарат клеткалык деңгээлде карагандыктан адамдын ичиндеги эң майда курттарга чейин көрүүгө болот. Аны менен диагноз коюу 90-95 пайыз ишенимдүү деп айта алам.

-Кызмат көрсөтүүнүн акысы карапайым калктын чөнтөгүнө туура келеби?

-Жогоруда белгилеп кеткендей, биорезонанстык томография бардык органдарды комплекстүү карап, диагноз коет. Мындан сырткары кандай дарылануу керектигин жазып, дары-дармектердин кайсынысы жагаарын, кайсынысы жакпай турганын да тестр менен аныктап беребиз. Ошондой эле акысыз кеңештер берилет. Кызмат көрсөтүүнүн акысы 1800 сом. Бул карапайым эл үчүн жеткиликтүү эле баа деп ойлойм. Себеби рентген, УЗИ, лаборатория, врачтын консультациясы, Бишкекке барып келүү акысы, убарасы андан да көп чыгымга алып келет.

-Облустук оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору менен кызматташасыздарбы?

-Жергиликтүү медицина тармагы биздики менчик болгондуктан башында кабыл албай жатышкан. Азыр унчукпай калышты. Бирок жергиликтүү эл абдан көп кайрылып атышат. 15 күндүн ичинде эле 100дөн ашык адамдын диагнозун аныктап, дарыланууга көрсөтмө бердик. Бул жерде дарылоого шарт болбогондуктан көрсөтмө гана берип атабыз. Ал эми рентгендик томографияга түшө турган ооруларды биякка түшүрүп убара кылбай эле «Бишкекке баргыла» деп айтабыз.

-Сөзүңүздүн башында бул көчмө томография деп белгиледиңиз. Нарында канча убакытка чейин кызмат көрсөтөсүздөр?

-10 күнчө Нарын шаарында болуп, андан кийин элдин суроо-талабы менен Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор райондоруна кезеги менен чыгабыз. Биздин кызматка эл чын эле муктаж болсо 3-4 айда бир келип кызмат көрсөтүп турууга мүмкүнчүлүк бар. Биз Бишкек шаарындагы тибет медицинасына негизделген «ХАОИ» диагностикалык, дарылоо комплексинин көчмө дарыгерлерибиз. Кыргызстан боюнча Ош шаарында филиалыбыз бар. Андан сырткары Жалал-Абадга, Кара-Колго ушундай иш сапарлар менен чыгып турабыз.

Нарын шаарындагы биз жайгашкан кеңсенин дареги: Ленин көчөсү 79 А. Байланыш телефону : 0 771 57 11 10, 0 702 12 35 05.

-Рахмат, ишиңиздерге ийгилик.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...