Акыркы макалалар

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ - 70 ЖЫЛ,Салымдары зор болгон (Архив барактарынан)

Күн өткөн сайын даңазалуу күн-Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдык мааракеси жакындап келе жатат. Бүткүл дүйнөлүк эбегейсиз зор мааниси бар бул Жеңиштин арты менен жер жүзүндөгү адамзаттын жашоосу жана дүйнөлүк цивилизациянын келечеги үчүн шарт түзүлгөн. Мына ушул улуу күнгө карата гезитибизде «Улуу Жеңишке-70 жыл» деген туруктуу рубрика ачуу менен атайын материалдардын топтомун жарыялай баштайбыз.

Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Жеңишинин 70 жылдыгы Бүткүл дүйнөлүк маараке жана ошол алааматты кайрадан болтурбоо дити менен каршы турган прогрессивдүү көпчүлүктүн майрамы экени баарыбызга маалым. Жеңиш майрамы Европадагы мамлекеттердин, айрыкча мурдагы СССРдин курамындагы, азыркы өз алдынча эркин мамлекеттердин орду толгус адам өмүрлөрүнүн кыйылышынан жаралган.

Бирок жашоо мыйзамына ылайык умтулуп, жанын окко тосуп, бүгүнкү бейпилдикти камсыз кылган ардагерлерибиздин катары суюлуп бара жатат. Айрыкча кийинки муундардын ошол баштан өткөн алаамат согуштун кесепетинен болгон ооруктагы ачарчылыктар, элдин турмушундагы болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктар жөнүндөгү маалыматы өтө эле тайкы экенине улуу муундардын өкүлдөрү күбө болуп жатышат.

Буга эмне себеп деген суроо туулат. Менимче негизги себептеринин бири ошол өткөн согуштун кесепети, тарыхтагы орду массалык маалымат каражаттарында, мектептердеги окуу программасында тиешелүү деңгээлде чагылдырылбай жаткандыгында болсо керек.

Мына ушул жагдайлардан улам айтайын дегеним, ошол алааматта биздин кыргыз элибиздин Жеңиш үчүн кошкон салымын архивдик материалдарга таянып, кийинки муундарыбызга маалымат катары айта кетким келет.Алсак согуштун биринчи эле күндөрүнөн баштап коомдук турмушта, өндүрүштө чыгармачыл демилге көтөрүшүп, эмгектин үлгүлөрүн көрсөтө алган Кадам-Жай металлургиялык комбинатынын жамааты тездетилген түрдө аскердик ишканалар үчүн маанилүү болгон жогорку сапаттагы сурьманы өндүрүүчү атайын ишкана уюштурушкан. Фрунзедеги механикалык гидротурбиналар жана трактор заводдору согуштук оор техника танкалардын тетиктерин үзгүлтүксүз чыгарып турушкан.

Ал эми биздин жергиликтүү калктан эр азаматтарыбыз, кыздарыбыз өндүрүштүк орундарды толуктоо үчүн Уралдагы, Кузбасстагы, Караганды, Куйбышев шаарларындагы ири өндүрүштүк ишканаларга иштөө үчүн жиберилген. Кыргызстандын ооруктагы калкынын эмгекке жарамдуу бөлүгүнөн 14 миң киши өнөр жайында, 5 миңи курулушта иштешип, натыйжада согуш мезгилиндеги чыгарылган дүң продукциясы согушка чейинки беш жылдыкка салыштырганда 23 пайызга өскөн. Республикада өнөр жайынын салыштырма салмагы 1940-жылы 50,2 пайыз болсо, 1945-жылы 67,5 пайызга чейин өскөн. Согуш жылдарында биздин колхоз, совхоздорубуз 4,5 млн. пуд дан эгиндерин, 2,7 пуд жашылчаны, картошканы, 2,8 млн. пуд этти, 372 млн. пуд жүндү согушка чейинки 5 жылдан ашык өндүрүшкөн. Мындан сырткары коргонуу фондусуна 4,5 млн. пуд эгин жана 500 миң пуд эт беришкен.

1941-жылдын июль айынан ноябрь айына чейин эле СССРдин батыш жана борбордук райондорунан Кыргызстанга 30дан ашык завод, фабрикалар көчүрүлүп келген. Мунун ичинде Донбасстагы сымап комбинаты, Украинанын Запорожск облусунан машина куруу заводу, Харьковдогу фармацевт жана фарфор чыгаруучу заводдор, Одесса шаарындагы кендир, Курскидеги трикотаж фабрикалары, Ростовдогу бут кийим фабрикасы, ошондой эле Россиядан 6 кант заводу, Москвадагы жана Украинадагы спирт чыгаруучу заводдору көчүрүлүп келинип, коргонууга керектүү продукцияларды чыгарууга ылайыкташтырылган. Согуш жылдарында Кыргызстанда союздук жана республикалык маанидеги 38 жаңы өнөр жай ишканалары курулган.

СССР Илимдер академиясынын биохимия, генетика, өсүмдүктөр физиологиясы, микробиология жана эволюциялык морфология институттары көчүрүлүп келип, жергиликтүү илимий институттар жана мекемелери менен бирдикте коргонуу жана эл чарбасы үчүн маанилүү темаларда натыйжалуу иштешкен. Бул илимий мекемелерде Советтер Союзу гана эмес, дүйнөгө белгилүү илимпоздор, айтсак академиктер А.Бах, А.Борисян, Т.Лысенко, Н.Цицин, В.Келдыш,Г.Генкер жана башка көрүнүктүү адамдар иштешкен.

Кыргызстанга РСФСРден, Украинадан, Белоруссиядан бир катар окуу жайлары, театрлары эвакуацияланып келинген, арасында СССРдин мамлекеттик симфониялык оркестри, Москвадагы миниатюра театры, Одессадагы опера театры, Ростовдогу мамлекеттик университети менен педагогика институту, Харьковдогу медицина институту, Николаевдеги кеме куруу институту, Ленинграддагы Лесгафт атындагы дене тарбия, ветеринария институттары, Кишиневдогу айыл чарба институттары көчүрүлүп келинген.

Кыргызстандын жетекчи органдары буларга жаңы жерде иштөө үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүп берүүгө жетишкен.

1941-жылдын жайы менен күз мезгилинде душмандар басып алган жерлерден Москвадан жана Ленинграддан 139 миңдей адамдар келип иштешкен. Польшадан 20 миңдей граждандар убактылуу эмиграцияланган. 1941-1942-жылдары 4 миңдей бала камтыган 40тан ашуун балдар үйлөрү да көчүрүлүп келинген.

Согуш учурунда майдандагы жоокерлерди маданий жактан тейлөө үчүн 7 бригада уюштурулуп, кыргыз искусствосунун 85 мыкты ишмерлери 2500дөн ашуун концерт берип келишкен.Фронтко 196 вагон белек жиберилген, алардын 52 вагонун блокададагы Ленинград шаарынын коргоочулары алышкан. Мындан сырткары 38 миң жекече посылка, 550 миң чолок тон, кийиз өтүк, тумак, башка керектүү буюмдар фронтко жөнөтүлгөн.

Тянь-Шань облусунун тургуну Жоро Жаңыбаев республикада биринчилерден болуп «Кыргызстан колхозчусу» танкалык колоннасын куруу үчүн өзүнүн 50,0 миң сомун берген.

Кыргызстандын эмгекчилери коргонуу фондусуна танктарды жана самолет куруу үчүн 189 млн. сом акчалай, 964 млн. сомдук облигация жана 59 кг күмүш буюмдарын чогултуп беришкен.

Согушта жабыркаган Украинанын, Сталинград, Ростов, Курск шаарларынын бүлүнгөн чарбаларын калыбына келтирүү үчүн 20 миң жылкы, 10 миң уй, 100 миң кой-эчки жөнөтүлгөн.

Жогоруда келтирилген маалыматтар – биздин Кыргызстандын ооруктагы эмгекчилеринин, кыргыз элинин Жеңиш үчүн кошкон зор салымы экенин билүү ар бирибиздин парзыбыз.

Ошого байланыштуу келе жаткан Жеңиштин 70 жылдык улуу майрамын татыктуу деңгээлде өткөрүү биздин элибиздин ыйык милдети деп эсептеймин.

А.САЙДИНОВА, Нарын облустук мамлекеттик архивинин документтерди сактоочу жайынын башчысы.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...