Акыркы макалалар

Лидер аялдардын конференциясы

Лидер аялдардын конференциясы

10-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында Нарын облусундагы лидер аялдардын конференциясы болуп өттү.

Конференцияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова ачты.

Иш чаранын күн тартибинде эки маселе каралып, анын биринчиси 2-3-мартта Бишкек шаарында өтө турган Кыргызстан аялдарынын улуттук форумуна даярдык көрүү болсо, экинчи маселеси үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча бүгүнкү күндүн чакырыктары болду.

Улуттук форумду өткөрүүнүн демилгечиси «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду саналат. Мындан сырткары форумду өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министрлигинин саясат бөлүмү, «Доор Эли» коомдук уюму, «Курак» аялдар форуму жана башка бир катар уюмдар өнөктөш болушкан.

Иш чара боюнча толук маалымат кийинки сандарда жарыяланат.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...