Акыркы макалалар

АБАЛЫҢ КАНДАЙ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ? Ак-Талаа районундагы Коңорчок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбай САТЫНДИЕВ: “Эли-журту

АБАЛЫҢ КАНДАЙ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ? Ак-Талаа районундагы  Коңорчок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы  Курманбай САТЫНДИЕВ: “Эли-журту

- Азыркы тапта өзүңүз жетектеп жаткан айыл өкмөтү кезегинде облустук, республикалык кароо-сынактын жеңүүчүсү болуп, райондун атын чыгарып келгендиги баарыбызга маалым. Турмуш өзү тастыктагандай айрым бир жетекчилер мурдагы башталган жакшы иштердин учугун улап кетпей өз алдынча иш жүргүзгүсү келип, бирок андан майнап чыкпай ара жолдо калгандарды да көрүп-билип жүрөбүз. Айылдаштарыңыздан сиздин мурдагы айыл өкмөтүнүн башчысы Акиев Арстанбектин ишин татыктуу улантып жатканыңыз тууралуу мактоолорду уктук. Өткөн жылды кандай жыйынтык-таганыңыздар тууралуу билгибиз келет.

-Ракмат, ар иштин көзүн билген уюштуруучулук аракети күч жетекчи элиңин аң-сезимин туура багытка буруп, изденүүчүлүк менен иштей билсе ийгиликтер болот тура. Мындай дегеним өзүңүз айткандай Арстанбек Акиев иштеп турган кезде айлыбыз облус түгүл республикага дайын болбодубу. Эсиңиздедир, ал кездеги Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов иш сапары менен болгон кезде айлыбыздын көркүнө, тазалыгына ыраазы болуп жанындагы министрлерге: «Таштанды салган мындай урналар Бишкекте да жок, бул айылдан үлгү алгыла»,- деп айтканы баарыбызды кубандырган. Мындай демилгелүү жакшы иштерди андан ары татыктуу улантып кетүү үчүн мен болгон билимимди, тажрыйбамды, уюштуруучулук жөндөмүмдү арнап иштеп жатамын.

Өткөн жылды ийгиликтүү жыйынтыктадык. Сугат сууларынын тартыш болгонуна карабай жазында жалпысынан 418 гектар суу баскан жер аянтынын 235 гектарына дан эгиндери, 15 гектарына картошка, 5 гектарына жашылча айдалды. Күзүндө чаап-жыйноону да убагында бүткөрүп алдык, буудайдан гектарынан 18 центнерден, арпадан 21 центнерден айланды. Бардык көрсөткүчтөр боюнча салыкты 126 пайызга, социалдык фондду 100, жайыттын акчасын чогултууну 100 пайызга аткардык. Кышка даярдык боюнча социалдык обьектилерге баардыгы 85 тонна көмүр түшүрүлдү. Элге 2500 сомдон сатылды. Он жакыр үй-бүлөгө бир тоннадан көмүр таратылды.

Майрамкүл Исаманбетова жетектеп, 294 окуучуга 33 мугалим билим тарбия берген мектеп электр энергиясы менен жылыйт. Балдар бакчасындагы эки группада 40 бала тарбияланып, 13 тарбиячы иштейт.

Көп жылдан бери көйгөй жаратып келе жаткан маселе элибиз 400 километр алыстыктагы Арпа жайлоосуна чыга албай жүрүшкөн эле. Малчылар менен сүйлөшүп, жайында жайлап, күзүндө кайра көчүп келгендеги ыгым-чыгымын өзүбүз көтөрүп, малын жакшы багып келишти.

Биздин өткөн жылдагы жетишкендигибиз бул жол картасына кирген жалпы сметалык баасы 83 миллион сомдук Ак-Сай каналынын күзүндө 28 миллион сомдук жумушу бүткөрүлгөндүгү болду. Буюрса 700 гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, 500 гектар жер кошумча суу менен камсыз боло турган бул каналдын курулушу келеркиде бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Айтмакчы, биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз ПРООНдун колдоосу менен 970 метрге линия тартылып, төрт суу түтүктөрүнө таза суу чыгарылды.

-Элдин куту элетте, айыл байыса мамлекет байыйт дейбиз. Ырасында эле ар ким дараметине, жөндөмүнө жараша өз турмушун жакшыртуунун аракетин көрүп, мен андан эмнем кем деген атаандаштык сезими күч алып, намыстанып, жаратмандык жакшылыктарга умтулса эле турмушу да оңолуп, айылынын да аты чыгат тура. Дегеним айлыңызда тек гана өзү үчүн эмес өзгөлөрдүн да камын ойлоп, элге кызмат кылгандар да бардыр.

-Албетте, элибиздин жеке менчикке болгон көз карашы, эмгекке болгон мамилеси мурдагы жылдарга караганда кыйла өзгөрдү. Өзүңүз айткандай элибиз жакшы жашоонун аракетин көрүп жатышат. Айлыбыздан алгачкы жолу балык чарбасын уюштурууну колго алган Боталиев Таалайбек ПРООНго долбоор жазып, 387 миң сомдун жумуштары аткарылды, буюрса жазында Даниядан алынып келинген икрасын өстүрүп, июнь айында малюгун өстүрөбүз дегендерге сата баштайбыз. Мал сырын жакшы билген фермерлерибиз малдын туягын гана көбөйтүп жүрө бербей асыл тукумдуулугун арттыруудан арбын киреше табаарын түшүнүшүп, бул багытта иш жүргүзүп жатышат. Алдыңкы фермер Турдалиев Анарбек Чуйдөн куйруктуу койлорду алып келип багып өстүрүүдө. Бейшенбаев Сүйүнбек уйларды бордоп семиртип жатат. АРИСтин колдоосу менен жаңы тукумдагы «Лимузин» деген буканы сатып келип, кесүүгө чыгарып, уйларга коштук. Койлордун асыл тукумдуулугун арттыралы деген максатта ветсервис ачып, Боталиев Таалайбек иштетип, элибиз жасалма уруктандырууну жүргүзүүгө көнүп калышты. Аптека да иштейт.

Айылдагы бардык ийгиликтерибиздин жаралышына өздөрүнүн улуулук акыл-насаатын айтып, кеңештерин берген аксакалдар кеңешинин төрагасы Жыргалбек Кулумбаев, Аялдар кеңешинин төрайымы Акима Асанакунова, айылдык Кеңештин төрагасы Садырбек Касымбаев, жаштар уюмунун жетекчиси Майрамбек Насырбаев жакшы жардамдарын берип жатышат.

Айыл маданиятын көтөрүү ашыкча ыгым-чыгымдарды кыскартуу, жаңы салттарды жайылтуу боюнча жаштардын бош убактыларын пайдалуу жана көңүлдүү өткөрүүлөрүнө да камкордуктар көрүлүп, шарттар түзүлүп берилүүдө. Бардык жаманчылыктарга себепкер болгон ичкиликти тыюуну да колго алгандан улам мурдагыдай арак ичип мушташкандар, үй-бүлөсү менен араздашкандар жаман адаттарга азгырылгандар азайып калды. Жылуулугу бар клубда алтынчы күнү «ыр кесе» болот. Спорт залда спорттун түрү менен машыгышат.

Үстүбүздөгү жыл өлкө башчысы тарабынан Улуттук экономиканы көтөрүү жылы деп жарыяланды. Албетте, бул Жарлыкта жергиликтүү бийликтердин алдына да жооптуу милдеттер коюлду. Ишкерлерди колдоо, жаштардын демилгелерине ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү, улуттук жана чет элдик инвестицияларды тартуу менен жумушчу орундарын түзүү сыяктуу көптөгөн изденүүчүлүк изги иштерди жүзөгө ашыруу үчүн колдон келген бардык аракеттерди көрүп, эң оболу республикага таанылган айлыбыздын мындан ары да өсүп-өнүгүшүнө жалпылап аракеттерибизди көрө бермекчибиз. Дегинкиси эли-журтуң ырыс башаты делген ынтымакты туу тутуп, ар ким өз жашоосун жакшыртуунун аракетин көрүп, иштермандар көп болсо эле айлың жакшы атыгып, аты чыгат экен.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...