Акыркы макалалар

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ Жардырып түшүрүлөт

Кара-Үңкүр капчыгайынын 313-чакырымында таш кулоо коркунучун туудурган кооптуу аймакты мажбурлоо жолу менен аттырып түшүрбөсө чоң жарака пайда болгон аска бети кулап түшүп, өтүп бараткан жүргүнчүлөрдү басып калышы мүмкүн. Буга чейин (1-февралда) дал ушул жерден таш аралашкан топурак кулап жолду бөгөп калып, жол тармагын тейлеген мекемелер тарабынан тазаланган болчу. Мындай кырдаал кайрадан кайталанбаш үчүн Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан жардырып түшүрүү аракеттери көрүлүүдө.

Жакында аталган министрликтин тапшырмасы менен жардыруу иштери менен алектенген «Кыргыз ресурс лимитед» компаниясынын өкүлдөрү келип иликтөө иштерин жүргүзүштү. -- Үстүндө жаракалар бар. Бир күндө бүтпөйт. Болжолдуу 5-6 күн бөлүп-бөлүп аттырыш керек. Геология жаратылыш ресурстары агенттиги тарабынан макулдук берилип, тийиштүү документтери даяр болгондон кийин Өкмөттүн токтому менен ишти баштайбыз,-деди текшерүүдөн кийин аталган компаниянын өндүрүштүк техникалык бөлүмүнүн начальниги Салават Молдоканов.

Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Токтобек Шоңкоевдин айтымында Нарын облусунда 10го чукул таш кулоо коркунучу аныкталган аймак бар. Бирок Кара-Үңкүр капчыгайынын ичиндеги аймак мониторингге кирген эмес. Кооптуу аймак Бишкек-Нарын-Торугарт эл аралык жолдо жайгашкандыктан Он-Арча айыл өкмөтүнүн макулдугу жана КРнын Өкмөтүнүн токтому менен жардыруу иштери башталат. Ага чейин телеком, электр тармактар ишканасы аталган аймактагы электр түркүктөрүн алышы керек.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов жардыруу иштери жүргүзүлгөн убакта тазалоо иштери үчүн ДЭП-41 жол тейлөө ишканасынын, Бишкек-Нарын-Торугарт эл аралык жолун реабилитациядан өткөрүп жаткан кытайлык компаниянын техникалары тартыларын маалымдады. К. Асизовдун билдирүүсүнө караганда акча каражаты Транспорт жана коммуникация министрлиги аркылуу Кытай-Кувейт биргелешкен «Копри Синогидро Джоинт Венчур» компаниясы тарабынан чечилиши мүмкүн болууда.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...