Акыркы макалалар

ТАЗА СУУГА ТАҢСЫКТЫК БАР

Район борборунун күн батыш тарабындагы Ак-Жар айылындагы 1200 түтүн жашоочулар таза суунун тартыштыгынан кыйналып келишет. Айыл тургундарынын айтымында бул айылда таза суу эзели болгон эмес. Айыл жашоочулары сууну бир нече чакырым алыстыктан же Ат-Башы суусунан алып ичүүгө аргасыз. Бул боюнча район акиминин биринчи орун басары Жумагул Тентимишовго кайрылганыбызда аталган айыл эле эмес борбордо жайгашкан Ат-Башы айылындагы 13200 түтүн жашоочуларда да таза суудан көйгөй бар экенин билдирди. Район борборундагы айылдар АРИСтин таза суу долбооруна киргизүүгө мүмкүн болбогондуктан Өкмөткө да тийиштүү каттар даярдалып жардам сурап кайрылышкан. Бирок жооп боло элек. Учурда арабдар менен сүйлөшүү жүрүп жатканын белгилеген Ж. Тентимишов эки айылга таза суу киргизүү үчүн болжолдуу 40-50 млн сомдун каражаты керек болуп жатканын айтты.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...