Акыркы макалалар

Жаңы кондитердик цех, “Бизнес кичинеден башталат”

Жаңы кондитердик цех,   “Бизнес кичинеден башталат”

Нарын шаарында дагы бир «KG Нарын» деп аталган кондитердик цех иштеп баштады. Анда нандын, печеньенин, торттун, коржиктин түрлөрүнөн турган азыктар чыгарылууда.

Бул чакан ишкананын ээси Адилет Эшенов «Жаш ишкерлер мектеби» ассоциациясынын окуусунан өтүп, жаш ишкерлерди колдоо максатында пайызы жок Нарын облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 100 миң сомдук каражатты 25 баланын ичинен утуп алып, өзү 234 миң сом кошуп имаратты тургузган. Ага кытай жабдууларын алып келип орнотуу менен ишти баштаган. Негизинен цех сүзмөдөн курут чыгаруу максатында ачылган. Кышкысын сүзмө жоктугунан кондитердик азык чыгарууга өтүшкөн. «Сезон учурунда курут да чыгарып баштайбыз-дейт А. Эшенов. Ишти жаңы башташкандыктан азырынча азыктар дүкөндөргө сатыкка чыга элек. Бирок ошентсе да тендерлерге катышып, Ү. Асанов атындагы Нарын облустук жатак лицейинде жатып тарбияланган балдарды коржик, булочка менен камсыз кылуу максатында тендерден утуп алган.

Учурда цехте үч адам иштөөдө. Негизги жумушту технолог аткаргандыктан Бишкек шаарындагы «Куликовский» кондитердик ишканасында иштеп жүргөн Жаркын Калуев шартка байланыштуу Нарында жашап жаткандыктан бул жумушту ал аркалоодо. Ж. Калуев тортту боз үйдүн, Таш-Рабаттын жана ошондой эле мультфильм каармандарынын элесин түшүрүп 30дан ашык формада жасап жатканын билдирип, азыктардын сапатына басым жасалып жатканын айтты.

--Кымбат болгонуна карабастан Түркиянын, Россиянын азыктарын көбүрөөк колдонгонго аракет кылабыз. Кытай азыктарын колдонгондо көрүнүшү жакшы бирок даамы анча эмес. Сакталуу мөөнөтү да кыска убакытка эле болот. Даамы жакшы болуш үчүн жаңгак кошуп коёбуз, -деди технолог мырза.

Жаңы ачылган ишкананы көргөнү барган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов: «Бизнес кичинеден башталат. Аракет кылсаң ийгилик болот. Акырындык менен ишкана кеңейип, жумушчу орундар көбөйсүн»- деген тилегин жолдоду. Облус жетекчиси А. Кайыпов ишкананы түптөп алуу үчүн колдоо иретинде пайызсыз берилген 100 миң сомду кийинки жаш ишкерге өткөрүп берүү мөөнөтү келип калгандыктан тирденип алуу үчүн эки айга мөөнөтүн узартып берди. Ал эми Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев жаш ишкерди колдоо катарында алты айга чейин салык төлөмдөрүнөн бошотмой болду.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...