Акыркы макалалар

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусия ТИМне нота жиберди

11-февралда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москванын Сахарово айылында ачылган Мамлекеттер аралык миграциялык борбордо жаңы үлгүдөгү эмгек патентин берүү процесси менен таанышуу үчүн барышкан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жиберген нотада, борбордун кеңешчилеринин кабылдамасында 3 миңден ашуун чет элдик жаран кезекте кеминде 3-5 саат бою турганы айтылган. Анда, павильондор тыгылыш, борбордо тартип сактоону камсыздаган «Кельт» жеке ишканасынын кызматкерлери мигранттардын кайрылууларына өтө орой мамиле жасаганы, мамлекеттик мекеме кылмыш жазасын өтөөчү жайды элестеткен тикен зым менен курчалып, иттер менен кайтарылары маалымдалган. Ошондой эле аталган борбор бир күндө кезекте турган 3 миң кишинин 30 пайызын гана тейлөөгө жетишип жатканы белгиленген.

Жогорудагы айтылган фактылар Мамлекеттер аралык миграциялык борбордун эмгек-мигранттарын кабыл алууга жана тейлөөгө даяр эместигин билдирет. Мына ушундай оор кырдаалда элчилик Орусиянын ТИМне өтүнүч иретинде Нота жиберген.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...