Акыркы макалалар

Кыргызстан ФИФА рейтингинде бир позицияга көтөрүлдү

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФА рейтингинде бир тепкичке көтөрүлдү деп билдирди Футбол федерациясы.

2015-жылдын январында КР командасы, 2014-жылдын декабрындагыдай эле 152-орунду ээлеп турган.

Тизмени мурагыдай эле былтыркы жылдын чемпиондору – Германия курама командасы жетектеп турат. Экинчи орунда – Аргентина, үчүнчү орунда Колумбия. Андан кийин куйрук улай, Бельгия, Нидерланддар, Бразилия, Португалия, Франция, Уругвай келе жатат. Ондукта Испаниянын курама командасынын күчтүү футболчулары да бар.

Кыргызстан Азиялык конфедерациянын рейтингинде 46 мамлекеттин ичинен 26-орунда турат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...