Акыркы макалалар

Депутат парламенттик журналисттерди тажрыйбасына карап аккредитациядан өткөрүүнү сунуштады

Бүгүнкү парламенттин жалпы жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Надира Нарматова парламенттик журналисттерди тажрыйбасына карап аккредитациядан өткөрүүнү сунуштады. Анын айтымында, коомчулукка туура маалыматтар тараш керек.

"Жогорку Кеңеш массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн жылда аккредитациядан өткөрөт. Жылдык каттоо жүрүп жатканда биздин пресс-борбор кыргыз тилин да, расмий тилин да билген, иш тажрыйбасы бар, ар бир сөзгө маани берип жазган мыкты журналисттерди тандап, аккредитациядан өткөрүшсө", - деди депутат.

Жогорку Кеңеште ар кандай мамлекеттик деңгээлдеги маселелер карала турганын белгилеген эл өкүлү, журналисттер материалдын маани-маңызына так көңүл буруп жарыялашы керектигин билдирди. Сөзүнүн аягында депутат пресс-борборго протоколдук тапшырма берүүнү суранды.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...