Акыркы макалалар

Д.Үсөновго карата соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды

Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго карата соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды. Маалыматка ылайык, Д. Үсөновго «Ю-Ти-Ай Глобал» жоопкерчилиги чектелген уюмга "Ата түрк" сейил багынын аймагынан мыйзамсыз түрдө жер бөлүп берген деген айып коюлган.

Прокурор Акылбек Бакачиевдин билдиришинче, Данияр Үсөнов эс алуу багындагы 11 гектардан ашык жерди "Ю-Ти-Ай Глобалга" берүү боюнча 2010-жылдын 12-февралында токтом чыгарган.

Биринчи май райондук соту Үсөновду 15 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...