Акыркы макалалар

Депутат: Башкы прокуратуранын аппаратынын 60%ы аскер билетин сатып алган

"Башкы прокуратуранын аппаратынын 60 пайызы аскер билетин мыйзамсыз сатып алган". Мындай пикирин бүгүн, 12-февралда парламенттин жалпы жыйынында КСДП фракциясынан депутат Исмаил Исаков билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүш Аскер прокуратурасында дагы бар.

"Мага жана төраганын атына коомдук бирикмелерден кат келип түштү. Прокуратуранын ичиндеги мындай баш аламандыктарга көңүл буруу керек. Өздөрү мыйзамсыз документ алып иштеп жаткан адамдар кантип мыйзамдуу иш алып барат?"- деди депутат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...