Акыркы макалалар

"Элдик лотереянын" мекемесине тинтүү жүргүзүлдү

Кечээ, 11-февралда "Элдик лотереянын" мекемесине тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу "ВБ"га күч түзүмдөрүндөгү булактар маалымдашты.

Тинтүү процедурасын Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери жүргүздү.

Тинтүү иштери компанияга карата кылмыш иши козголгондугунан улам ишке ашырылган. Алдын ала маалыматтарга караганда бул акча адалдоого жана акча алдамчылыгына байланыштуу болушу ыктымал.

Бул иш тууралуу кеңири маалымат жакынкы күндөрдө белгилүү болмокчу.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...