Акыркы макалалар

Жарандардын кайрылууларына маморгандар 14 күндүн ичинде жооп берүүгө тийиш

Парламент "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун 3-окуудан жактырды. Мындай чечим бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Айнуру Алтыбаева белгилегендей, документке ылайык мамлекеттик орган жарандардан келген кайрылууларга жазуу жүзүндө он төрт күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү.

"Эгерде мамлекеттик орган кайрылууга тиешелүү материалдарды издеп, башка органдарга кайрылса, алардан да жооп он төрт күндө келет. Жалпы 28 күнгө узартылууда. Негизинен 14 күндө жооп бериши милдеттендирилет",- деди Алтыбаева.

Депутат сунушталган норманы бузган мамлекеттик органдардын кызматкерлери жоопкерчиликке тартыларын билдирди

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...