Акыркы макалалар

Соцфонд бюджетинин киреше бөлүгү 40 млрд 449 млн сомго чейин көбөйөт

Жогорку Кеӊеште “Социалдык фонддун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Соцфонддун төрагасынын маалыматы боюнча, 2015-жылдын бюджет долбоорунун киреше бөлүгүндө 40 млрд 449 млн сом, 2016-жылы 42 млрд 324 млн сом, 2017-жылы 45 млрд 641 млн сом өлчөмүндө каражат каралууда.

Андан сырткары, октябрь айынан баштап пенсия өлчөмү жогорулап, орточо пенсия көлөмү 4728 сомду түзөт. Ал үчүн бюджет долбоорунда 450 млн сом каралды. Республикалык бюджеттен да кошумча каражат суралышы мүмкүн. Министрдин айтымында, Соцфонд мындан ары “ким иштесе – тиштейт” принцибинде иш алпарат.

Талкуу жүрүшүндө аскер кызматкерлеринин пенсиялык жаш курагын жогорулатуу, инфляция өлчөмүнө жараша пенсияны индексациялап туруу, өлгөн жарандардын пенсиялык топтомунда чогулган каражаттарды үй-бүлөсүнө кайтарып берүү, эмгек мигранттарынын социалдык камсыздандырууларын кайтарып келүү тууралуу пикирлер айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2014-жылы 575 миӊ пенсионер болсо, быйыл алардын саны 608 миӊге жетет. Анын ичинде 102 миӊ адам майыптар болуп саналат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...