Акыркы макалалар

Ошто эки жашар бала ботулизмден каза тапты

Ошто эки жашар бала ботулизмден каза тапты

Ош шаарында бир үй-бүлө колдо жасалган мөмө ширесинен ууланды. Үйдүн кенжеси – эки жашар Фирдоус Ураимов 10-февралда каза тапты.

Шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбордун дарыгери Санавар Асанбекова “Ынтымакка” билдиргендей, Ураимовдордун үй-бүлөсү 5-февралда мөмө ширесин ичкен. Ууулануудан улам үй кожейкеси Мавлюда Мирзахамидова жана анын уулу реанимация бөлүмүнө түшкөн. 1 жаш 9 айлык Фирдоустун өмүрүн медициналык жардам сактап кала алган жок.

Мөмө ширесин жалпы сегиз адам ичкен. Учурда үч жаш балага медициналык жардам көрсөтүлүп жатат, калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө.

“Мөмө ширеси лабораториялык текшерүүгө алынып, андан ботулизмдин А түрүндөгү таякчалары табылды. Бул бактериянын эң коркунучтуу түрү”,-дешет дарыгерлер.

Ушуну менен жаңы жылдан бери Ош шаарында ботулизмдин эки учуру катталды.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...