Акыркы макалалар

Кыргыз делегациясы АКШдагы сапардан кайтып келди

Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Абдырахманов, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишиден турган кыргыз оппозициясы өткөн жуманын соңунда АКШ сапарынан кайтып келди.

Кыргыз делегациясы алгач АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Даниэль Розенблюм жана АКШ Улуттук Коопсуздук кеңешинин Евразия департаментинин башчысы Жастин Рейнолд менен жоолуккан.

Ал ортодо коомчулукта оппозиция АКШдан акча алып, Кыргызстанда төңкөрүш жасоого камынууда деген сөздөр таркаган. Аны менен катар "Bricsglobal" аналитикалык сайты "Вашингтон Кыргызстанга жаңы ыңкылап даярдап жатат” деген макаланы жарыялады. Аталган макаланын биринчи эле сабында “Кыргызстан кайрадан түстүү революция коркунучуна кабылып калышы мүмкүн" деп жазылган. Мындан сырткары ал текстте Кыргызстандын оппозициясы Вашингтондо жүргөнү камтылып, сапардын алкагында кыргыз делегациясы кимдер менен эмне тууралуу сүйлөшкөнү баяндалган.

Бирок Улуттук оппозициялык кыймылынын өкүлү Уран Ботобеков бул сөздөрдү төгүндөп, сүйлөшүүлөр чыныгы экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзүүгө багытталганын баса белгиледи.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...