Акыркы макалалар

Комитет тарыхый мурас объекттерди сактоого багытталган мыйзам долбоорун колдоду

Бүгүн, 10-февралда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо жана пайдалануу ошондой эле мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан. Мында археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынаары такталган. Ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө үчүн жеке жана юридикалык жактардын атайын техникалык куралдарды (металл издөөчү, металлдетектор, радарлар жана магниттик аспаптар) атайын уруксатсыз колдонуусуна тыюу салынаары жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга кирептер кылаары айтылган.

Талкууда жогорудагыдай объектердин чегинде эч кандай курулуш иштери жүргүзүлбөйт деп так көрсөтүп жазууну сунушталганы менен курулуш иштери буга чейин эле бар экени белгилүү болду. Эми тарыхый-мурастар объекттери жайгашкан жердин чектерин кайра карап чыгуу боюнча токтом долбоору иштелип чыгып жатканын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиев маалымдады. Айтымында, мурда тарыхый-маданий мурастардын чектери кеңири белгиленген. Маселен, шаар ичиндеги тарыхый маданий мурастар объекттеринин чеги өтө эле чоң белгиленген. Ошол эле маалда шаар эли көбөйгөндүгүнө байланыштуу инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгы турат. Андыктан, тарыхый-мурастар объекттери жайгашкан жердин чектерин кайра карап чыгып, такталган аймакка ар кандай курулуштарды жүргүзүүгө жол берилбестиги айтылды.

Соңунда мыйзам долбоору 2-окууда жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо чечими кабыл алынды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...