Акыркы макалалар

Мэрия: Бишкекте 6 миңден ашык адам жер алыш үчүн кезекте турат

Жер участогун алыш үчүн Бишкекте 6 миңден ашык адам кезекте турат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Бишкек шаардык мэриясынын жеке турак-жай курулуш департаментинин маалыматына таянсак, жер участогун алууга кезек күткөндөрдүн тизмеси "Бишкек шаарындагы жеке турак-жай курулушуна жер участокторун алыш үчүн жарандардын кезек күтүү тартиби тууралуу" жобого ылайык ишке ашып жатат.

Жобо 2007-жылы 9-июлда Бишкек шаардык кеңештин токтому менен бекитилген.

2015-жылга карата жер участогун ала турган жарандардын жалпы саны - 6 281 адамга жеткен.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...