Акыркы макалалар

А.Ташбулатов:“Миграция министрлигин жок кылуу бул туура эмес кадам”

Борбордук азия кыймылынын жарандык платформанын өкүлү Акылбек Ташбулатовдун айтымында. “Азыркы учурда 29 коомдук уюмдар бар, алар платформаны түзөт. Бул платформаны Орусия, Казахстан, Таджикстан, Өзбекстан мамлекеттеринде жайгашкан, мамлекеттик эмес уюмдар. Жергиликтүү органдар менен биргеликте миграция маселелерди чечүүгө багытталган. Бүгүнкү күндө миграция комитетин жоюу боюнча кээ бир саясат күчтөрүнун жагынан сунуш көтөрүлүп жатат.

Биз миграция комитетинин жоюулушуна каршыбыз. Себеби миграция маселелри боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган керек. Учурда миграция биз үчүн чоң көйгөй. Кыргыз атуулдарынын көп бөлүгү миграцияда. Мигранттарга көмөк көрсөтүү керек. Миграция министирлигин жок кылуу бул туура эмес кадам деп эсептейбиз”,-деди ал.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...