Акыркы макалалар

Коргоо министри Азербайжанга барат

10-февралдан 13-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев расмий сапар менен Азербайжан Республикасына барат. Бул тууралуу Куралуу күчтөрдүн Башкы штабынан маалымдады.

Расмий сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Азербайжандын жогорку аскердик жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, мындан аркы өз ара мамилелер, кызматташуулар тууралуу ой бөлүшөт.

Бул иш сапар Азербайжандын Коргоо министринин расмий чакыруусунун негизинде ишке ашты.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...