Акыркы макалалар

Европа биримдиги билим берүү системасын реформалоого 72 млн евро бөлөт

Европа биримдиги Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоого 72 млн евро бөлүүнү убада кылды. Бул тууралуу кечээ, 9-февралда болгон басма сөз жыйынында Европа биримдигинин өкүлү Огнян Чампоев маалымдады.

Анын айтымында, 2014-2020-жылдардын аралыгында Кыргызстандын өкмөтү менен үч приоритеттүү тармакта кызматташууга макулдашылды. Алар: укукту сактоо, билим берүү жана айыл жергесин өнүктүрүүнү интеграциялоо. Бул максатта Европа биримдигинин бюджетинен 184 млн евро бөлүү пландалып жатса, анын ичинен 72 млн евро билим берүү тармагына бөлүнмөкчү.

Чампоевдин айткандарын Адэнауэр Конрад фондунун өкүлү Томас Кунце толуктап, аталган фонд Кыргызстанда туруктуулук жана демократия болушун каалай турганын кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...