Акыркы макалалар

"IsmanLife" акциясына Жалал-Абад шаары да кошулду

Жалал-Абад шаарында да «Исманга жашоо тартуула» акциясы башталды. Кесиптешибиз «Марал» үналгысынын Оштогу бөлүм башчысы Исманалы Муратовдун бооруна чет өлкөдөн операция жасатуусуна акча чогултуу иштери алгач Ошто башталган. Учурда акцияга Жалал-Абад шаарындагы «7-канал» жана «Сентябрь» аймактык телеканалдарынын журналисттери да өз салымын кошушкан. Бул тууралуу журналист Руслан Калматов социалдык тармактар аркылуу билдирди.

«Исманга жашоо тартуула» акциясы 18-февралда Ошто кайрымдуулук концертин да өткөрүшөт. Ал эми бир айдан бери уланып жаткан иш-чарада жалпысынан 20 миң доллардын тегерегинде акча чогулган. И. Муратовдун чет өлкөдө дарылануусуна жалпысынан 80 миң доллар керектелет. Кесиптешибиз бир канча жылдан бери альвеококкоз дартынан жабыркап келет.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...