Акыркы макалалар

Чарбак жана Бөжөй айылдарындагы мектептерге жардам көрсөтүлөт

Чарбак жана Бөжөй айылдарындагы мектептерге жардам көрсөтүлөт

Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары жана жамааты Баткен областындагы чек ара аймактарында жашап жатышкан Чарбак жана Бөжөй айылдарында жайгашкан мектептерге 110 миң сомдук жардам берилет.

Окуу жайдын жетекчиси, профессор Каныбек Исаковдун айтымында каражатка тамак-аш азыктары жана окуу куралдары алынды.

“Мекендештерибиз алардын ичинде биздин кесиптештерибиз болгон мугалимдер кыйынчылыкка туш келип отурганда кол куушуруп олтура албадык. Бул жардам менен аларды аз да болсо моралдык, материалдык жактан колдой алабыз деген ишенимдемин. ОшМУнун жамааты гумандуулукту, биримдикти туу тутуп, башкаларга үлгү катары көрсөткөн жамаат катары Кыргызстандын кайсы жеринде кыйынчылык болсо биринчилерден болуп жардам колун созуп келет”-деп кошумчалады ОшМУнун ректору Каныбек Исаков

Ошондой эле Ош гумантардык-педагогикалык институту Баткен областындагы чек ара аймактарында жайгашын, чек ара маселелерине байланыштуу жабыр тарткан Бъжъй, Чарбак айылдарындагы мектептерге материалдык колдоо максатында 100 миң сом акча бөлдү.

Институттун ректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Б.Б. Зулуев: «Жамааттын колдоосу менен чогулган акча каражатына жапа тарткан айыл тургундарына керектүү тамак-аш, мектеп окуучулары муктаж болгон окуу куралдары сатылып алынмакчы. Кыргыздын салты боюнча жабыркаганга жардам берип, өйдөдө өбөк, кыйында жөлөк болуу наркын улап, материалдык да, моралдык да жардам көрсөтүүнү туура көрдүк» - дейт өз сөзүндө.

Бул сунуш окуу жайдын административдик кеңешинде каралып, жалпы жамаат өз демилгеси менен бир күндүк айлык акысын котормой болушту. Акча каражатына сатылып алынган тамак-аш, окуу куралдары жакынкы күндөрдө окуу жайдын атайын өкүлдөрү тарабынан аталган айылдарга жеткирилмекчи.

Даярдаган Сакчыбек Маматисаев

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...