Акыркы макалалар

Ысык-Көл облусунда 2 317 турак жай корголду

Ысык-Көл облусунда 2 317 турак жай корголду

2014-жылдын 12 айында Ысык-Көл облусунун аймагында тиешелүү иш чараларды жүргүзүү үчүн облустук, райондук Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан кооптуу тилкелерди изилдөө боюнча иштер жүргүзүлүп, алдын алуу жана коргоо иш чараларын аткарууга 69 эскертме, анын ичинен ӨКМнын облустук башкармалык тарабынан 3 эскертме берилген. Берилген эскертмелердин ичинен аткарылганы – 66, аткарылууда турганы-1, аткарыла элеги-2. Бул маалыматты ӨКМнын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары. полковник Бакыт Ибраев билдирди.

"Ысык-Көл облусундагы калкты жана аймакты сел, суу ташкындарынан, жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашынан сактоо максатында жана жер көчкү процесстеринин активдешүү тобокелин азайтуу үчүн облустун аймагында коргоо иш чаралары жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары аткарылды. Тактап айтканда, облустун аймагында 33 объектиде коргоо иш чаралары аткарылып, натыйжада 2317 турак үй, 912,5 га айыл чарба жери, 1 гидропост, 1 ат майданы, 1 маданий борбор, 1 ветстанция, 20 соода түйүнү корголду",- деди ал.

Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багыты боюнча 27 объектиде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу жана кесепеттерин жоюу департаменти 4 объектиде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук "Сел жана суу ташкындарынан сактоо" багыты боюнча 2 объектиде коргоо иш чаралары жүргүзүлдү.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...