Акыркы макалалар

Жылдыз Мамбеталиева Юстиция министрине талапкер болуп калышы ыктымал

Юстиция министринин кызматына аталган ведомстонун жетекчисинин орун басары Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлиги каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда "ВБ" өкмөттөгү булактар кабарлашты.

"Башка талапкер жок. Ал өз ишин мыкты билет, юристтердин арасында кадыр-баркка ээ, саясатка аралашкан эмес",-деп билдирди маектеш.

Буга чейин кызматтан кетүүгө арыз берген Юстиция министр Алмамбет Шыкмаматовдун арызына өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол кое электигин маектеш кошумчалап өттү.

Эскерте кетсек, 3-февралда Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов кызматтан кетүү тууралуу арыз берген.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...