Акыркы макалалар

Караколго Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 40 млн. ашык сом бөлүнөт

Каракол шаарынын 2013-жылы жасала турган иштерине Кумтөрдөн түшө турчу каражаттан 40 млн 800 миң сомго чейин бөлүнөөрү кутүлүүдө. Аны туура бөлүштүрүү үчүн шаардык мэрияда бюджеттик угуу жыйыны болуп өттү. Иш чарага шаардын мэри, шаардык депутаттар Кеңешинин төрайымы, шаардык депутаттар, өкмөттүк эмес уюмдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Анда шаарга бөлүнүүчү каражатка эмне иштер жасалаары тууралу шаардык депутаттар Кеңешинин төрайымы Акылсайра Жумабекова тааныштырды: “Бөлүнө турчу каражатка биринчи кезекте 2 км жолдорду оңдоого 26 млн карап жатабыз. Кашка-Суудагы берилген бала бакчанын эмеректерине 1 млн 43 миң, К.Карасаевдин мемориалдык комплексине 1 млн, № 4- мектептин оңдоп-түзөө иштерине 1,5 млн, шаардын кире бериш жерлерине бренд менен курулуш салганга 5 млнга чейин, жолдорду тазалоодо грейдерге 5 млн. сом, областар профсоюздар кеңешине караган мэриянын имаратын муниципиалдык имаратка өткөрүү жана оңдоп-түзөө иштерине 800 миң сом, ошондой эле бюджетти кайтаруучу объектиге теплица иштетүү боюнча карап атабыз”-дейт А. Жумабекова.

Катышуучулар өз сунуштарын, ойлорун билдирип, биринчи кезекте арыктарды жана жолдорду оңдоо керек экенин айтышты. Ошондой эле теплица боюнча берген сунуштарын колдошкон жок, анын ордуна сок же сыра чыгаруучу ишкана иштетсе көбүрөөк пайда болот деген ишенимдерин билдиришти. Жыйындын соңунда берилген сунуштар боюнча шаардык депуттар кенеши менен биргеликте чечээрин билдирди төрайым.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...