Акыркы макалалар

Акыйкаттык издегендердин айласы табылабы?..

Акыркы кездерде редакциябызга кат менен кайрылып, акыйкаттык издеген адамдардын саны көбөйүүдө. Албетте, алар акыйкаттыкты издеп, дароо эле бизге келип жаткан жери жок. Айласы кеткенде, коомдук пикирге муктаж болуп келип жатышат. Бир папка толо кагаздарды иликтей келсең мекеме жетекчисинен баштап, мэрия же облус башчылыгы, профсоюз, омбудсмен, прокурор, соттун шаардыгынан баштап Жогоркусуна чейин жазылып, жыйынтык чыкпаган арыздар...

Анан, биздин мамлекетте чындыгында эле ушундай абал орун алып калганбы? Кайда биздин укук коргоочуларыбыз? Адилеттүү сотубуз кайда? Эмгекчилердин укугун тебелетпейбиз деген профсоюздар барсыңарбы? Бир мекемени жетектөө бийликке жетүү эмес - адамдардын тагдыры менен байланышкан чоң жоопкерчиликти моюнга алуу экендигин жүрөгү менен сезбеген бир катар жетекчилерибиздин жасаган мамилелерине таң бербей койбойсуң.

Ишибиз-биздин жашообуз, тагдырыбыз...

Ар бир иштерман адамдын артында бир сүйлөмгө сыйдыра албаган тагдыр бар... Ошол тагдыр, ошол жашоо ар бирибиздин ишибиз менен тыгыз байланышкан. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, ошол ишибизди жашоо үчүн иштеп, анан ошол ишибизге жашообузду, дегеним, жеке турмушубузду, жаштыгыбызды, балдарыбызды, үй-бүлөбүздү, айтор, тагдырыбызды сайып койгонубузду озүбүз сезбей келебиз. Анан бир күнү ошол биздин жашообузга айланып калган ишибизден жок дегенде колубуздан жумшак жетелебей, эч мыйзамсыз, «түртүп» чыгарып койсо, күйбөгөн жерибиз күл болбой коёбу?

Редакцияга арыз менен кайрылган Нарын шаарынын тургундары Жаңыл Турдумамбетова, Нурбүбү Мааткалымова, Майрамкүл Исмаилова мына ошондой ишинен «тебилип» бошогондорун айтып, зар какшашат.

Окуянын чоо жайын кыскача айта кетсек, Нарын шаар башкармасынын 2003-жылдын 9-апрелиндеги №148-б буйругунун негизинде, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясы жоюлуп, 1995-жылдын №404 КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык №15 «Бактылуу балалык» балдар бакчасына 1 штаттык бирдик, №14 «Алтын балалык» балдар бакчасына 0,5 штаттык бирдик, №2 «Чебурашка» балдар бакчасына 0,5 штаттык бирдик, №16 «Ыйман» балдар бакчасына 0,2 штаттык бирдик, №17 « Ынтымак» балдар бакчасына 0,5 штаттык бирдиктер ачылган.

Буга ылайык Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2003-жылдын 16-апрелиндеги №8-буйругу менен №2 «Чебурашка» балдар бакчасына 0,5 штат менен жана №16 «Ыйман» балдар бакчасына 0,2 штат менен Жаңыл Турдумамбетова, №14 «Алтын балалык» бала бакчасына 0,5 штат менен жана №17 «Ынтымак» бала бакчасына 0,5 штат менен Майрам Исмаилова, №15 «Бактылуу балалык» балдар бакчасына бир штат менен Нургүл Мааткалымова бухгалтер болуп дайындалышып, иштеп келишкен.

Өзүнүн буйругун өзү жокко чыгарган мэрия, «механикалык» ката кетирген башпедагог...

2011-жылдын 14-ноябрында Нарын шаардык мэриясы №459-б буйругу менен Нарын шаар башкармасынын жогорудагы аталган 2003-жылдын 9-апрелиндеги №148-б буйругу күчүн жоготту деп таап, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2003-жылдын 16-апрелиндеги №8 буйругу жокко чыгарылган.

Мунун негизинде Нарын шаардык билим берүү бөлүмүндө 2011-жылдын 28-ноябрында №43 буйругу менен эсеп-кысап иштерин оптималдуу жүргүзүү, акча каражатын үнөмдүү пайдалануу максатында Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдында борборлоштурулган бухгалтериясы түзүлүп, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын 2012-жылдын 9-январындагы №5, 7-буйруктары менен Н.Мааткалымова, М.Исмаилова КРнын Эмгек кодексинин 87 жана 86-беренелери менен ээлеген кызматтарынан бошотулушкан. Ал эми №2 «Чебурашка» балдар бакчасынын директорунун 2012-жылдын 9-январындагы №264-буйругу, №18 «Ак-дил» бала бакчасынын башчысынын 2012-жылдын 9-январындагы №40-буйругу менен Ж.Турдумамбетова ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Ишсиз калган эсепчилер алгач Нарын шаардык сотуна, андан соң Нарын облустук сотуна доо арыз менен кайрылышканда соттор алардын доо арыздарын канааттандыруусуз калтырышкан. Бул чечимдерге карата арыз ээлери КРнын Жогорку Сотуна көзөмөл ирээтинде даттануу менен кайрылышкан.

КРнын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы КРнын Жогорку Сотунун судьясы Б.Т.Жаманкулованын баяндамасын, ишке катышкан тараптардын түшүнүктөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, буларды тапкан.

КРнын Жогорку Сотунун 2012-жылдын 15-августундагы токтомунан:

« ...КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндөгү» №404 токтому менен бекитилген №3 тиркемесине ылайык 5тен 10го чейинки группага 0,5 штаттык бирдик менен 11 группасы бар балдар бакчасына 1 штаттык бирдик менен бухгалтердик штат белгиленген. Соттук актыларда аныкталгандай биз №14 «Алтын балалык» балдар бакчасында 5 группа, №17 «Ынтымак» балдар бакчасында 6 группа, №18 «Ак-Дил» балдар бакчасында 3 группа, №2 «Чебурашка» балдар бакчасында 6 группа болгон.Мындай жагдайда Нарын шаардык мэриясынын 2011-жылдын 14-ноябрындагы № 459-6 буйругу менен Нарын шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө группалардын санына ылайык келбейт деген жүйөөлөрү негизсиз жана №404 токтомунун №3 тиркемесине каршы келет. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн бухгалтерлерди кызматтан бошотуу буйруктарында Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн буйруктары көрсөтүлгөн. КРнын Эмгек Кодексинин 65-ст. талабы боюнча эмгек китепчесине эмгек келишимин токтотуунун себептери жөнүндө жазуулар ушул кодекстин же башка мыйзамдын баяндоолоруна ылайык жана тиешелүү статьяга , пунктка шилтеме жасоо менен жүргүзүлөт деп көрсөтүлөт. Аларды кызматтан бошотууда мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн талаптары бузулган, КРнын Эмгек Кодексинин 83-статьясынын кайсы пункту менен бошотулганы көрсөтүлгөн эмес. Кызматтан бошотуу буйруктарында КРнын Эмгек Кодексинин 86-статьясы көрсөтүлгөндөн кийин профсоюздук уюмдун алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз иштен бошотууга жол берилбеши керек болчу.Ал эми сот отурумундагы бизге белгилүү болгон Нарын шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун бул ишти мыйзам чегинде карап чыгып, анан макулдук бергенбиз дегени чындыкка дал келбейт.Себеби кызмат ордунун кыскаруусу каралып жаткандарды профсоюз уюмунун чогулушуна катыштырган эмес...Бул жерде билим жана илим кызматкерлер профсоюзу, №17 бала бакчанын профсоюз уюму кызматтан бошотууда КРнын «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуп, профсоюз уюмунун чогулушун өткөрбөй эле токтом кабыл алышкан. Мындан сырткары, Нарын шаардык мэриясы өзүнүн буйругун жокко чыгарууга укугу жок болчу. Мындай жагдайда бул буйруктарды жогору турган орган же сот тарабынан жараксыз деп табылып жокко чыгарылууга жатмак. Нарын шаардык мэриясы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн кыскартуу КРнын бала бакчалары Билим берүү министрлигине карагандан кийин алардын сунушу жана макулдугу менен буйрук кабыл алууга жатмак. Аларга КРнын финансы министрлиги аркылуу категориалдык гранттан акча каражаты бөлүнүп, республикалык бюджетке карагандан кийин алардын сунушу аркылуу гана Нарын шаардык мэриясы буйрук кабыл алууга болмок...Ошондой эле, Нарын шаардык билим берүү бөлүмү эсепчилерге карата буйрук чыгарып кызматтан бошотууга укугу жок болгон. Аларды кызматтан бошотуу бала бакчалардын жетекчилери тарабынан жүргүзүлмөк, себеби, бухгалтерлер техникалык кызматкерлердин курамына кирет...»

Мына ушундай оркойгон мыйзам бузууларды сот өкүлдөрү да, доогерлердин жактоочусу да көздөрүнө сайып көрсөтүп жатканына карабастан жоопкерлер, тактап айтканда Нарын шаардык мэриясынын өкүлү М.Бабаев, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы К.Стамов Нарын шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырууну сурашып, юрист болуп туруп мэрия өз буйругун өзү жокко чыгара албашын билбеген М.Бабаев эсепчилерди жумуштан бошотуудагы буйрукта «техникалык» каталар кетирилип, Эмгек Кодексинин статьясынын пункту көрсөтүлбөй калганын айтса, башпедагог К.Стамов да өз көрсөтмөсүндө Эмгек Кодексинин 83-статьясы жазылып, бирок 2-пункту жазылбай, «механикалык» ката кетип калгандыгын, ал эми жөлөк пулдарын - эки айлык эмгек акысын төлөтүп бере албай калгандарын, аларга профсоюз уюмунун макулдугу берилгендигин белгилейт.

Ооба, азыркы биздин жашообузда негизи көп жерден «техникалык», «механикалык» каталар кетирилүүдє. Бирок ар бирибиз эле, айрыкча жетекчилер мыйзамдын талаптарын билбей, билсек да аткарбай, анан техникалык, механикалык каталарга шылтай берсек, ошол эле учурда бир адамдын тагдырын, анын артындагы миң тагдырды сындыра берсек кандай болот.

«Ак ийилет-сынбайт» дейли десек...

КРнын Жогорку Сотунун Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы доогерлердин доо арыздары боюнча Нарын облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 14-мартындагы аныктамасы менен Нарын шаардык сотунун 7-февралдагы жана 20-февралдагы кошумча чечимдери өзгөртүүсүз калганы, доогерлер жана алардын жактоочусу О.Мадиновдун келтирген аппеляциялык тартиптеги даттануусу канааттандыруусуз калтырылганын соттор тарабынан жогорудагы чечим иштин ичиндеги материалдар ар тараптуу, толук иликтенбеген материалдардын негизинде мезгилсиз кабыл алынган деп эсептеп:

«Нарын облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 14-мартындагы аныктамасы жокко чыгарылып, иш кайра кароого Нарын облустук сотуна жиберилсин, М.Б.Исмаилова, Ж.Т.Турдумамбетова жана Н.Ж.Мааткалымованын көзөмөл тартибиндеги даттануулары жарым жартылай канааттандырылсын...» деген токтом чыгарган.

Бул токтом чыккандан кийин жоопкер Нарын шаардык билим берүү бөлүмү кайра уюшулуп жатат деген шылтоо менен ишти кароо убактылуу токтотулган.

Ошентип, көптөн күткөн сот отуруму 16-январь күнү Нарын облустук сотунун жарандык иштер боюнча апелляциялык коллегиясы тарабынан өткөрүлүп, бул сот ишине Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары М.Байышов төрагалык кылды. Соттун жыйналышы ачык түрүндө жүргүзүлгөндүктөн анын жүрүшүнө массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катыша алышты.

Иш боюнча Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары М.Байышовдун баяндамасын, тараптардын түшүнүктөрүн, прокурордун корутундусун уккан апелляциялык коллегия доогерлердин ишине тиешелүү бир катар мыйзам бузулган учурларды тапты.

«...Доогер Ж.Турдумамбетованы бошотууда КРнын Эмгек кодексинин тийиштүү статьясы көрсөтүлбөстөн жергиликтүү мэриянын жана билим берүү бөлүмүнүн буйруктары негиз катары келтирилгендиги аныкталат.

КРнын Эмгек кодексинин 65-ст, 3,4-п.п талабына ылайык кызматкердин эмгек китепчесине ишке кабыл алуу, башка туруктуу ишке которуу жана кызматкерди иштен бошотуу, ошондой эле эмгек келишимин токтотуунун негиздери жөнүндө маалыматтар киргизилет. Эмгек китепчесине эмгек келишимин токтотуунун себептери жөнүндө жазуулар ушул кодекстин же башка мыйзамдын баяндоолоруна ылайык жана тиешелүү статьяга, пунктка шилтеме жасоо менен жүргүзүлөт...

Иштин ичиндеги Нарын шаардык билим жана илим кызматкерлер профсоюздук комитетинин 2011-жылдын 19-декабрындагы №25 катына караганда, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы сунушун профсоюздун президиумунда карап чыгып, аталган мекемелердин эсепчилерин КРнын Эмгек кодексинин 83-ст. 2-п. менен бошотууга макулдугун бергендигин көрсөтөт. Бирок каттын мазмунунан кайсы мекемелердин эсепчилери, алардын аты жөнү, кайсы мыйзамдын негизинде алар бошотулууга жатаарын, бул боюнча тийиштүү профсоюздук жыйындар өткөрүлгөндүгү боюнча негиздүү маалымат көрсөтүлбөгөн...

Доогерлерди кызматтан бошотууда Нарын шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан КРнын Эмгек кодексинин 85-87-статьяларынын талаптары аткарылбагандыгын соттук коллегия белгилейт...

Соттук отурумда такталгандай, доогерлерди кызматтарынан бошотууда кызмат орундары кыскартылбагандыгы, бөлүмдөрү (бала бакчалары) кичирейтилбегендиги, уюм (бала бакча) жоюлбагандыгы аныкталат.

Андыктан, биринчи инстанциядагы соттун чечими иш боюнча чыгарылган чечимдери алынып салынууга, иш боюнча жаңы чечим кабыл алынып, апелляциялык даттанууларды келтирген доогерлердин доо арызы жана кошумча доо арыздары канааттандырылып, Нарын шаар башкармасынын 2003-жылдын 9-апрелиндеги №148-б буйругуна ылайык бала бакчаларга каралган штаттык бирдиктерге ылайык доогерлер кайрадан кызмат орундарына орноштурулууга жатат деп апелляциялык коллегия эсептейт.

КРнын Эмгек кодексинин 423-ст.1-п талабында иштен четтетүү, бошотуу же башка жумушка которуу мыйзамсыз деп табылган учурда кызматкер мурдагы иштеген жумушуна кайрадан орноштурулууга тийиш.»

Жогорудагылардын негизинде апелляциялык коллегия чечим кабыл алып, анда иш боюнча:

«Доогерлердин доо арыздары жана кошумча доо арыздары канааттандырылсын, Нарын шаардык мэриясынын 2011-жылдын 14-ноябрындагы №459-б буйругу жана Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2011-жылдын 28-ноябрындагы №43-буйруктары жокко чыгарылсын, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана бала бакчалардын «М.Исмаилова», «Н.Мааткалымова», «Ж.Турдумамбетова» жөнүндөгү буйруктары жокко чыгарылсын, Доогерлер Нарын шаар башкармасынын 2003-жылдын 9-апрелиндеги №148-б буйругуна ылайык мурдагы ээлеген кызмат орундарына кайра орноштурулушсун» деген чечим кабыл алды.

Бул чечим чыккандан кийин акыры «ак ийилет-сынбайт», адилеттүү чечим чыкты деп сүйүнүп, соттордо жүрүп «таманы тешилген» эсепчилер кайра жумуш орундарына отуруп, иштегенге белсенип турганда Нарын шаардык мэриясынын өкүлү М.Бабаев: «Өз буйругун өзү жокко чыгарганга укугу жок деген мыйзам жок, ошондуктан биз өз укугубузду коргоп кайрадан Жогорку сотко кайрылып жатабыз» деген оюн билдирди. Жогорудагы чечимге билим берүү бөлүмү да каршы болуп, алар да Жогорку сотко көзөмөл иретинде даттануу менен кайрылууда. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Айнагүл Ашыралиеванын билдирүүсү боюнча буга чейин эсепчилердин иштери так жүргүзүлгөн эмес. Ж.Турдумамбетова жана М.Исмаилованын үстүнөн түшкөн арыздар бар.

- Биз үчүн борборлоштурулган бухгалтериянын болгону эле ылайыктуу. Ал бухгалтерияга конкурс аркылуу эсепчилерди алабыз дегенде үч айым тең катышууга арызын беришкен. Бул үчөө тең башкы эсепчи болууну каалаган үчүн иш сотко чейин жетип олтурат,-дейт А.Ашыралиева.

Демек, бул ишке чекит коюлган жок.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...