Акыркы макалалар

Кооптуу абалдан чыгуунун жолун издеп

Кооптуу абалдан чыгуунун жолун издеп

Өткөн жыл табигат кырсыгынын көп катталгандыгы менен эсте калса, быйыл кычыраган кыш чилдесинде үйөр жүрүп, килейген муздардын агышы менен эсте кала турган болду окшойт. Жанырган жылдын башында Эки-Нарын тараптагы Нарын дарыясында эле эмес 12-январь күнү Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылын жандай аккан Ала-Буга суусунда да үйөр жүрүп, суунун жээгиндеги насостук станцияга коркунуч туулду.

Ала-Буга суусундагы көпүрө авариялык абалда

Акыркы жылдары Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылына кире берген Ала-Буга суусунун нугу ооп, ар жак бетиндеги жээкти жеп, кєпүрєнүн тирөөчтөрүнє жакындап коркунуч туула баштаган. Анысы аз келгенсип көпүрөнүн эки капталынан булак чыгып, кышкысын тоңуп, тоң тээп, дал наркы башынан туурасынан жарака кеткен. Жергиликтүү тургундар булак кийинчерээк гана чыгып, улам чоңоюп баратканын, анын кесепетинен жолду, көпүрөнү суу каптап кооптуу абал жарала баштаганын айтышты. Бул боюнча №15 жол тейлөө ишканасынан тийиштүү аракеттер көрүлүп, 2008-жылы суу талкалап жаткан жээкке 131 габион торлор төшөлүп, 806 миң сомдук жумуштар жасалган экен. Бирок ага карабастан табият күчү өз өкүмүн жүргүзүүдө. Муну толук алдын алып чечиш үчүн тиешелүү тармакты караган министрликтен чоң жардамдар керек экендигин облустук жетекчилик билдирди.

Тынычбек Абдылдабеков, №3 Нарын облустук автомобиль жолдорунун өндүрүштүк линиялык башкармалыгынын жетекчиси

- Баетов-Макмал автожолундагы Ала-Буга суусуна салынган көпүрө авариялык абалга учураган. 5-10 жылдан бери акырындан суунун нугу бурулуп, нары жак жээгин жей баштаган. Жумуштун көлөмү чоң болгондуктан жол тейлөө мекемесинин күчү жетпейт. Жогору жактарга Ак-Талаа районунун акими менен биргеликте кат менен кайрылып, атайы адистер келип иликтеп туруп, иш жүрбөсө биздин колубуздан келгидей эмес. Буга чейин деле кайрылуулар болгон экен. Эми биз болгон аракеттерди жумшап, алдын алуу чараларын көрөбүз.

Үйөр жүрүп, насостук станцияга коркунуч туулган

Нарын дарыясынан үйөр жүрүп элдин баары дүрбөп жатканда Ала-Буга суусунда да үйөр жүрүү катталып, ири муздардын топтому чогулуп насостук станция жайгашкан аймактагы көпүрөгө тирелип туруп калган. Анын кесепетинен 230 метр суу багыттоочу дамба суу астында калган. Адистер муздун калыңдыгы 4 метрге, узундугу 200 метрге чейин жетет деп болжолдошууда. Дагы жакшы суу сарыгып, азыркы убакта астынан агууда.

Байыш Акматов, Ак-Талаа райондук суу чарба башкармасынын начальниги: --Ала-Буга насостук станциясында 12-январь күнү кечки саат 17- 30дардан баштап, 23кө чейин бир убакта суунун деңгээли көтөрүлүп, 120 метр кубга чейин суу келди. Суу менен кошо чоң өлчөмдөгү муздардын сыныгы келип, көпүрөгө барып такалып, суунун агымын тосуп калды. Аны менен 2011-2012-жылдары кайра калыбына келтирилген 5,5 млн сомдук каражат жумшалган дамбага коркунуч туулуп, бир бөлүгүн талкалап кетти. Азыр 115 миң метр куб муздун жыйындысы үйөр болуп турат. Насостук станциядан Кош-Дөбө, Коңорчок, Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн дыйкандарынын жалпы 1741 гектар жер аянты суу ичет. Бул иштен чыкса дыйкандардын айдоо аянты суусуз калат.

Мындагы катталган абалда жеринде барып көрүү максатында аталган аймакта болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков: - Мындай катуу үйөр жүргөн учур мурда болгон эмес. Эми муну жазга чейин күнүгө көзөмөлгө алып сууну агызып кетиришибиз керек. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына да айтылды. Өзүбүздүн техникаларды нєємєткє коюп, кичинеден жазга чейин аракетибизди жасайлы деп жатабыз,-деди.

Абдрасулов Мамытбек насостук станциянын инженер-электриги: - Суук катуу болгон жылдары ушундай эле үйөр жүрөт. Жогору жагында Ботокей деген кууш капчыгай бар. Ошондон кээ жылдары калыңдыгы эки метрге жеткен муздар агып келип чогулуп калат. Бирок эчтеке деле болбойт. Жаз болгондо өзү менен өзү ээрип жок болот. Мындай чоң үйөр мен билгенден 1996-2000-жылдары болгон.

Эмнеси болсо дагы жергиликтүү облустук жетекчилик бул көйгөйдү жеринде барып көрүп, тиешелүү даярдыктарды көрүүгө тапшырмаларды берип, көзөмөлгө алууга күчүн жумшоодо. Минтип сактанып алдын алуу аракеттерин көрүп турбаса табигат кырсыгы өз өкүмүн жүргүзүп, ири чыгымдарга дуушар кылып коюшу мүмкүн. Учурда насостук станцияда иштеген 12 адам техникалар менен даярдыкта туруп көзөмөл кылышууда.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...