Акыркы макалалар

Кесиптештерибиздин сыйлыгы-биздин сыймыгыбыз

Кесиптештерибиздин сыйлыгы-биздин сыймыгыбыз

Жыл жаңыраар алдында «Теңир Тоо» гезитинин эмгек жамаатында сыймыктуу учурлар болуп, маңдай жарыла кубанып турган учурубуз.

Дегенибиз, гезиттин журналисти, кесиптешибиз Бурулсун Дыйканбаевага кырк жылга жакын гезиттин түйшүктүү ишиндеги эмгеги жана коомго кошкон салымы бааланып «Нарын облусунун Ардактуу атуулу» наамы, ага удаа эле «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси ыйгарылса, дагы бир кесиптешибиз Клара Эсеналиева Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун, Кыргызстан Аялдар конгрессинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Экологиялык журналистика-2012 кароо-сынактарынын жеңүүчүсү аталып, баалуу сыйлыктарга татыктуу болгону бизди кубандырып олтурат.

Журналисттик түйшүктүү кесипти аркалоо менен коомдук турмуштун агымындагы ар кыл жагдайларды жүрөгү менен калеминин элегинен өткөрүп, күнүмдүк кабарлардан тарта терең иликтенген аналитикалык макалаларга чейин гезит бетине үзгүлтүксүз жарыялап, ал аркылуу коомдук аң-сезимдин заман талабына ылайык калыптанышына опол тоодой салымдарын кошуп, маалымат майданында ат салышып келаткан кесиптеш айымдарыбыздын бул сыйлыктары албетте жалпы «теңиртоочулардын» сыймыгы.

Урматтуу кесиптештер, сиздер үчүн жогорудагы сыйлыктар албетте чек эмес. Сиздердин чыгармачылыгыңыздардын мындан ары да ташкындап, калемиңиздерден курч макалалардын, чыгармалардын жарала берээрине терең ишеним артабыз. Ошону менен бирге Сиздерге узун өмүр, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, аялзатына тиешелүү бардык жакшылыктарды, аруулукту, сулуулукту арнайбыз.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...