Акыркы макалалар

Башкыртстанда жол кырсыктан өлгөн кыргыз жарандарынын сөөгү алынып келе жатат

Башкыртстанда жол кырсыктан өлгөн кыргыз жарандарынын сөөгү мекенине алынып келүүдө. Аны Кыргызстандын Оренбург шаарындагы консулу Жандар уулу Таалайбек коштоп келе жатат

Россия Федерациясынын Башкыртстан Республикасында ири жол кырсыктан каза болгон 5 кишинин сөөгү Кыргызстанга алынып келүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык маркумдардын сөөгү кечээ кечинде жөнөтүлгөн жана учурда Казакстандын чегине жакындап калды.

"Сөөктөрдү Кыргызстандын Оренбургдагы ардактуу консулу Жандар уулу Таалайбек коштоп баратат", — деди ал.

Самарадагы кыргыз диаспорасынын лидери Акылбек Кудуев, Оренбург шаарындагы Кыргызстандын консулу жана маркумдардын жакындары сөөктөрдү жеткирүүгө жардам бергенин айткан Айымкан Кулукеева ооруканага оор абалда алынып келинген кыргызстандык Носиржан Нурматовдун абалы дагы деле оор экенин кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан: http://sputnik.kg/incidents/20150207/1014283790.html#ixzz3QwyL7SKo

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...