Акыркы макалалар

"Кыргыз почтасында" бирдиктүү маалыматтык-сурамжылоо кызматы түзүлдү

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасында бирдиктүү маалыматтык-сурамжылоо кызматы (Coil-борбор) түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кызматтын кыска номуру 1929. Буга катар эле акысыз чалуу менен кайрылуулар жана даттанууларды кабыл алуу жарандар менен байланышты бекемдөө үчүн 61-52-94 ишеним телефону да бар.

Жарандар ар кандай мүмкүнчүлүктөр менен кайрыла алышат. Көрсөтүлгөн телефондор боюнча чалуу, info@kyrgyzpost.kg электрондук дарегине кат жөнөтүү, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 227 дарегине кат жазууга болот. Ошондой эле «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине жеке келип жолугууга болот.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...