Акыркы макалалар

Ош шаарынын бюджети өткөн жылдан 143 млн сомго көп

5-февралда Ош шаарынынын 2015-жылга карата бюджети боюнча коомдук талкуу өттү. Ага жергиликтүү бийликтин жана жарандык коомдун өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары жана тургундар катышты.

Долбоорго ылайык, Ош шаарынын быйылкы жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 930 млн сомго аныкталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 143 млн сомго көп. Каражаттын эң көп бөлүгү – 43,7%ы социалдык жана маданий тармакка сарпталат. Турак-жай жана коммуналдык тармакка – 34,8%, жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар – 10,6%, экономикалык маселелер – 10,1% жана коргонуу тармагына 0,8% каралган.

Бюджеттеги каражаттын 70%ы элдин муктаждыгын аткарууга багытталганы жыйында белгиленди.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...