Акыркы макалалар

Караколдо киши тоноочулар колго түшүрүлдү

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын көчө күзөт бөлүмунүн кызматкерлеринин өз убагында көрүлгөн чаралар менен, изи сууй электе уюлдук телефондорду тоноп алып жүргөн 18 жаштагы жарандар колго түшүрүлдү. Бул тууралу облусттук ИИБ басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык Ак-Суу районунун Челпек жана Ташкыя айылынын 1995-жылы туулган тургундары кече муз аянтчасына эс алганы келип, уюлдук телефондорун алдырып жиберген. Алардын жанына 23:30 чамасында төрт бала келип коркутуп, күчкө салып чөнтөк телефондорун алып, изин жашырышкан". Болгон окуя тууралуу жабырлануучулар кайгуул күзөт кызматкерлерине жолугуп кайрылышкан. Милиция кызматкерлеринин ыкчам чараларынын натыйжасында тоноочулар кармалып, күнөөлөрүн моюндарына алышкан.

“Алар жарандардын уюлдук телефондорун тоноп жүрүшкөн жаш жигиттер Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын 1995 жылкы тургундары Батыржан А, Турар М, Рамис Б, Бекболот М экени аныкталды. Аларды тинтүү учурунда далил заттар - уюлдук телефондор алынды»-дейт С. Усубакунов.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...