Акыркы макалалар

Аида Салянова юстиция министри болуудан баш тартты

“Ата Мекен” фракциясы мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы юстиция министри кызматына сунуштады. Бирок Салянова сунуштан баш тартты. Бул тууралуу аталган фракциядан билдиришти.

Эскерте кетсек, Шыкмаматов басылмалардын бирине "башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетишинин артында президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев турушу ыктымал" деген маалымат берген. Мындан улам Нарымбаев парламенттеги коалициялык көпчүлүккө кайрылып, министрдин жоопкерчилигин кароону сунуштаган. Коалициялык көпчүлүк маселени 2-февралда талкуулап, бирок бир жыйынтыкка келе алган эмес. Мындан кийин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...