Акыркы макалалар

ОшМУнун ректору Каныбек ИСАКОВ: “Алгачкылардан болуп электрондук башкарууга жетиштик”

ОшМУнун ректору Каныбек ИСАКОВ: “Алгачкылардан болуп электрондук башкарууга жетиштик”

– Каныбек Абдуваситович, өткөн жыл жыйынтыкталып, жаңы жылга кадам таштадык. Сапарын карыткан жылда ОшМУда кандай ой-максаттарды турмушка ашырдыңыздар?

– Азыр өткөн жылдагы жасалган, жасалбай калган иштерге анализ жасап, жаңы жылга жаңы иш мерчемдерди белгилеп жатабыз. 2012-жылда биз билим берүүнүн сапатын көтөрүү багытында көптөгөн жаңы саамалыктарды турмушка ашырдык. AVN автоматташтырылган маалымат системасын толук өздөштүрүп, окуу процессин электрондук башкарууга жетиштик. Ар бир студенттин кыймылы, жетишүүсү, аракети, рейтинги толук киргизилип, университеттин сайтында күн сайын, саат сайын жаңыланып турат. Студенттин өзү үчүн, ата-энеси, бир туу¬гандары, жалпы эле коомчулук үчүн ачык, так, туура маалымат берүүгө өттүк.

Ошондой эле ар бир окутуучунун лекциялары, практикалык, лабораториялык сабактары, зачет, экзамендеринин сапаты да AVN маалымат системасына жайгаштырылды жана жалпы эле кызыккан коомчулуктун көңүл борборуна алып чыктык. Өлкөбүздө биринчилерден болуп билим берүүдөгү электрондук автоматташтырылган башкаруу¬ну иш жүзүнө ашыра алдык. Бул өтө прогрессивдүү кадам болду.

Өткөн жылы акыркы 5 жылдык билим берүү иш аракетибиз боюн¬ча мамлекеттик аттестациядан ий¬гиликтүү өттүк. 65тен ашуун адистик боюнча 2017-жылга чейин билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук алдык. “EDNET” билим берүү ассоциациясынын долбоору боюнча экономика адистигин эл аралык аккредитациядан өткөрдүк. Европадан, Азиядан келген белгилүү илимпоздор, эксперттер ОшМУнун билим берүү деңгээлин, илимий-интеллектуалдык күч-кубатын, коммуникациялык базасын көрүп, талдап, эл аралык аккредитациядан өттү деген сертификат беришти. Бул биздин эл аралык аккредитация¬дан өтүү жолубузга алгачкы чыйыр салган, тажрыйба берген, өрнөктүү башталмабыз болуп калды.

Инвестиция гана тартпастан, билимди да экспорттоп жатабыз

– Эл аралык билим берүүгө интеграциялануу багытында кандай иш-аракеттер көрүлдү?

– Кытай өлкөсүнүн Хань-Бань мамлекеттик фонду жана Синьцзян мамлекеттик педагогикалык университети менен биргеликте Конфуций институтун ачуу боюнча келишим түзүүгө жетиштик. Долбоордун алкагында Кытай тарап (алгачкы этапта) 200000 долларлык инвестиция берет. Кытай тили, маданияты, экономикасы боюнча студенттерди, магистрлерди, аспиранттарды кабыл

алууга даярданып жатабыз. Эң акыркы технология менен билим беребиз. Өлкө жетекчилерибиз темир жолун курса, биз билим жолун курушубуз керек.

Ал эми Түркия Диянет фонду менен биргеликте ачылган теология факультетинин түзүлгөнүнө бул жылы 20 жыл болот. Бул фонд менен түзүлгөн келишимди да жаңылап, өркүндөтүп түздүк. Себеби, 15 жылдан бери теология багытында бүтүрүүчүлөрүбүз чыгып жатат. Түркиядан магистратураны, докторантураны бүткөн бүтүрүүчүлөрүбүздүн саны да көбөйүүдө, жыл сайын 60 студент, 20дан ашык магистр, докторанттарыбыз Анкара университетинен билимин жогорулатышууда. Эми ошол интеллектуалдык потен-

циалды туура пайдалануу үчүн башында билими, акыл-эси, жүрөгүндө ыйманы бар балдарды тарбиялоо үчүн Имам Хатиб ли-

цейин ачып, ага окуу корпусун, жатакана куруу боюнча келишимдерди түзүп жатабыз.

Арашан гуманитардык институтуна 160 орундуу евростандарттагы жатакана курулуп бүткөрүлдү. Балдардын жүрөгүнө улуттук нарк-насилди сиңирген, заманбап билим берүүгө негизделген “Билим” лицейин ачтык. Бул лицейде фундаменталдык, гуманитардык, табигый илимдерди тереңдетип үйрөтүүчү класстар бар. Жакшы, жигердүү муунду тарбиялайлы деген ниеттебиз.

Мындан тышкары бир топ окутуучуларыбыз Американын, Европанын, Азиянын алдыңкы университеттеринде стажировкада жүрүшсө, 250дөн ашуун студенттерибиз билим алууну улантышууда. Ал гана эмес айрым окутуучуларыбыз Гарвард, Оксфорд университеттеринде билимин жогорулатып келүүгө жетише алышты. Ошол эле кезде бизде алыс¬кы чет өлкөлөрдөн келген 700, жакынкы чет өлкөлөрдөн келген 1200гө жакын студенттер билим алышууда. Биз инвестиция тартууну эле максат кылбастан, билимди экспорттоону да өркүндөтүүдөбүз.

Жаңылыкты жаратып, жакшылыкка баратабыз

– Ушунубузга караганда быйылкы жылдын өзгөчөлүгү катарында эки бас¬кычтуу билим берүүгө, жаңы технология¬ларды пайдалануу аркылуу дистанттык окутуу багыттары боюнча иш баштапсыздар. Ушул тууралуу айтып берсеңиз?

– Биз эки баскычтуу билим берүү багытында бизнес жана менеджмент, теология факультеттеринде бир топ жылдан бери тажрыйба топтоп, билим берүүнүн Болонь процессин өздөштүрүп келгенбиз. Ошондуктан буга чейинки тажрыйбаны пайдаланып, эл аралык моделдерди карап, окутуунун мазмунун, усулун, форматтарын заманбап талаптарга ылайыкташтырып жатабыз. Окутуучулар, студенттер үчүн үйрөтүүчү семинарларды, тренингдерди тынымсыз өткөрүп, өзүбүздөгү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кредиттик билим берүүгө тиешелүү принциптерди тутунуп, убактылуу жоболорду иштеп чыгып, бул багытта жолубузду арбытып жатабыз. Ал эми дистанттык билим берүү боюнча атайын борбор түзүп, ал борборду компьютерлер, аудио, видео каражаттар, интерактивдүү электрондук такталар, экран, проектрлер менен жабдып, ар бир окутуучу студенттер менен үзгүлтүксүз, ырааттуу байланышка чыгып, ал эми студенттер да предметтик окутуучулары менен өз ара байланышып, он-лайн, оф-лайн режимдеринде керектүү тапшырмаларды алып даярдануусуна, сабак өтүүсүнө, консультация алууга керектүү шарттарды түзө алдык.

Шанхай кызматташтык уюмунун университеттер тармагында мурда биздин энергетика багыты боюнча адистигибиз менен катышып келсек, бул жылдан тартып педагогика багыты боюнча да ШКУнун университеттер тармагында кызматташа баштадык. Бул биздин жаштардын башка өлкөлөрдөн билимин, дүйнө таанымын кеңейткенге жакшы шарттарды түзүүгө өбөлгө болот деген ишенимдебиз.

Университеттин 2015-жылга чейинки өнүгүү концепциясында ар бир адистикти даярдоого эң зарыл лабораторияларды, жаңы технологиялар менен камсыздалган көргөзмөлүү окуу кааналарын уюштуруу максаты коюлган эле. Биз бул жылдын башында медициналык факультеттин студенттери үчүн Санкт-Петербург шаарынан полимердик бальзамдоо жолу менен даярдалган адамдын анатомиялык пластинацияланган денесин сатып алдык. Бул окуу көргөзмө материалынын келиши менен медициналык факультетинде «Адам таануу» анатомиялык окуу музей-лабораториясы ишке берилди.

Окутуучулар калыс мамилени сезип жатат

– Окутуучулук курамдын изденүүсүнө окутуунун деңгээлин көтөрүү кыйын. Окутуучуларга да көңүл буруп жатсаңыз керек?

– Эң башкысы, университеттеги окутуучулар, студенттер өз ара ынтымакта ОшМУнун коомдогу кадыр-баркын, аброюн көтөрүүгө жабыла аракеттенүүдө. Ар бир окутуучуга калыс мамиле, туура колдоо болууда. ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын айлык акыларын өткөн бир жыл ичинде эки ирет, сезилээрлик көтөрдүк.

Биз азыр окуу жайга түшкөн бардык каражаттар кайда, эмне максатта жумшалып жатканын ар бир жамаат мүчөсү биле алгандай финансылык ачык-айкын саясат жүргүзүүгө өттүк.

Ал эми 8 факультетте декандар, 40тан ашык кафедра башчылары шайлоодон өтүштү. Шайлоолор таза, калыс уюштурулду. Жа-

маат трайбалисттик көз караштардан баш тартты.

Бир жылда 4 илимдин доктору, 34 илимдин кандидаты илимий иштерин ийгиликтүү коргошту. Илимдин докторлоруна 40000 сом, илимдин кандидаттарына 20000 сом сыйлык акылар белгиленген.

Жаңы демилге көтөргөн, жаңы саамалык жараткан окутуучуларга да тиешелүү сыйлыктар белгиленген.

Жалындуу жаштык – студенттик турмуш

– Студенттерге көрүлүп жаткан камкордукка кеп учугун бурсаңыз.

– Өмүр бою университетте иштеген бир профессорубуз айына 100 доллардан 5 студентке 500 доллар, бир жылда ар бир студентке 1200 доллар, жылына 6000 доллар стипендия белгилеген. Эң таланттуу, илимге шыктуу, келечекте чыгаан кесип ээси болууга көрөңгөсү бар 5 студентибизге бул атуулдук стипендия берилди. Профессор агай, банк жана ОшМУнун ортосунда үч тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде бул стипендия 50 жыл бою жыл сайын улам жаңы стипендианттарга ыйгарылып турат.

Быйылкы жылы студенттерибиз, чыгармачылык боюнча, спорт, илим, билим боюнча республикалык, аймактык, эл аралык конкурс¬тарга, олимпиадаларга, фестивалдарга катышып, баш байгелерди, алдыңкы орундарды камсыз кылышты. Азыр мурда жабылып калган студенттик “Нур” гезити, “Үмүт” телестудиясы, интеллектуалдык “Брейн-ринг”, КВН клубдары, студенттик Акыйкатчы институту, жаштар комитети жаңыча идея, дем менен иштеп жатышат. Студенттик акыйкатчы ЮСАИД уюмунун грантын утуп, студенттердин милдеттерин, укуктарын камтыган чөнтөк китепчесин 10000 нускада чыгарып, күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттерине бекер таратты. SAIF командабыз Вашингтон шаарында өткөн дүйнөлүк кубокко катышып, тажрыйба топтоп келсе, жаш дизайнерлерибиз Бишкекте болгон республикалык конкурста баш байгени утуп алышты. Респуб¬ликалык профсоюздар федерациясы профилакториябызга дары-дармектерди алууга, айлык акыга, дарылануучулардын тамак-ашына жаңы жылдан тартып 3 миллион 800000 сом акча каражатын бөлдү.

Ош жана Жалал-Абад шаарларында өткөн окуялардан жабыр тарткан жана үй-бүлөлүк шарты оор, ден соолугунан өксүгү бар студенттердин келишимдик акыларынан 1 миллион сомдук жеңилдик берилди.

Бүгүн Ош шаарында 60 000ге жакын студенттер бар. Алардын ден соолугуна кам көрүп, карай турган атайын медициналык мекеменин жоктугу көкөйдү кесип келе жатат. Студенттерибиздин саламаттыгы үчүн мен шаар депутаты катары шаардык кеңештин жыйынында Ош шаарында студенттик эмкана ачуу боюнча демилге көтөрүп чыктым. Буюрса, токтом кабыл алууга жетиштик, жакынкы мезгилдерде шаардагы бүт студенттерди тейлей турган эмкананы ачабыз.

– Ал эми заманбап билим берүү үчүн заманбап шарттар керек. Бул багытта кандай жаңы иштер аткарылды?

– Жаңы окуу жылына карата башкы окуу имаратыбыздын фасады, коридорлор жана фойе бүгүнкү күндүн талабына ылайык заманбап ремонттон өткөрүлдү. Башкы корпуста заманбап тестирлөө борбору түзүлдү. ОшМУнун алгачкы окуу имараты болгон тарыхый жай болуп эсептелген кыргыз жана орус филологиялары факультеттеринде имараттын фасадын толук капиталдык ремонттон өткөрүп, имараттын ички жолдоруна атайын брусчаткалар төшөлүп жакшы абалга келтирилди. Жаңы окуу жылына карата бул окуу имараттын аудиториялары катардагы ремонттон өткөрүлдү. Педагогика факультетинде да заманбап футболдук аянт ишке берилди. Чет тилдер факультетинин окуу имаратынын фойеси капиталдык ремонттон өткөрүлсө, китепканасына жылуулук системасы тартылды, ошондой эле окуу имараттын коридорлору ремонттон өткөрүлдү. Ушундай эле ремонт иштери башка факультеттерде да жүргүзүлдү.

Биз үчүн элдин баасы баарынан жогору

– Окуу жайынын дарегине коомчулукта жакшы пикирлер айтылып жатканына күбө болуудабыз.

– Кыргызстан профсоюздар федерациясы ОшМУга “2012-жылдагы эң мыкты өнөктөш ЖОЖ” деген номинация берди. “Кыргыз Туу¬су”, “Эркин Тоо” гезиттери, “ОшТВ”, “Башат” теле-радио каналдары “Эл тандоосу” конкурсунун жыйынтыгы менен “ОшМУ – эң мыкты университет” наамын беришти. Улуттук тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча абитуриенттердин тапшыруусунун негизинде чыгарылган рейтингде ОшМУ 7-бас¬кычты багындырды. Түштүк аймагындагы абитуриенттерге караганда Бишкек шаарындагы бүтүрүүчүлөрдүн жогорку балл алуу жөндөмдүүлүгүн эске алганда бул абдан жакшы жыйынтык деп эсептөөгө болот. Анын үстүнө бул рейтингде алдыңкы саптарда турган 3 окуу жайы башка өлкөлөр менен биргелешип ачылган билим берүү мекемелери экендигине баайланыштуу ал окуу жайларды каржылоо жогорулугун жана алар жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынан тышкары өздөрү да абитуриенттерди тандап алуу мүмкүндүгүнүн берилгенин да көңүлгө алып коюубуз керек го дейм. Ошондо өз киндигин өзү кесип, эл кубанса кошо кубанып, эл ыйласа кошо ыйлап жүргөн ата мекендик ЖОЖдордун арасында биздин университет биринчи үчтүктүн ичинен орун алат.

Улуттук нарк-насилде жаштарды тарбиялайбыз

– 2013-жылды кандай максат, үмүт- тилектер менен аттадыңыздар?

– 2013-жыл ОшМУ үчүн өсүп-өркүндөөнүн жылы болот. Андай деп айтууга толук негиз, толук шарт бар. Биз биринчи кезекте жаштарды адамгерчиликке, эмгекке, ыйманга, Кыргызстаныбызды сүйүүгө тарбиялабасак, анда келечегибиз биз ойлогондой болбойт. Ошондуктан улуттук таалим-тарбияга, нарк-насилге жаштарды тарбиялоону башкы орунга коёлу деп чымырканып жатабыз.

Б.АБДЫКАЕВА

Түп нускага шилтеме : www.kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...